Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.02.2019 15:24

Жалал-Абадда 27 жаштагы жигитти уурдап, 20 миң доллар талап кылышкан. Ал Бишкектеги батирден табылды (сүрөт)

Turmush -  ИИМдин криминалдык милиция кызматынын 2-башкаруусундагы ыкчам тобу адам уурдоо жана опузалап талап кылуу кылмышынын бетин ачуу боюнча атайын операция өткөрдү.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 12-февралда милицияга Жалал-Абад шаарынан Сузак районунун 27 жаштагы тургунун белгисиз адамдар уурдап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Туугандарынын айтымында, кылмышкерлер жигитке күч колдонуп, аны «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаага отургузуп алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Аны уурдап качкандар анын туугандарына чалып, 20 миң АКШ долларын талап кылышкан. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Жалал-Абад шаарынын Ички иштер органынын тергөө бөлүмү аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча белгисиз адамдар Сузак районунун жашоочусун алдап, эшикке алып чыгып, андан кийин ур-токмокко алышып, унаага отургузуп алып кетишкен. Жабырлануучунун досу жардам берүүгө аракет кылганда, уурулар аны да сабап, телефонун тартып алышкан. ИИМдин маалыматы боюнча «Хонда Фит» автоунаасы уурдалган болуп чыккан.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын 2-башкаруусундагы ыкчам тобу оор кылмышты бетин ачуу ишине кошулган. Кылмыш ишинин издери Бишкек шаарында да изделген. 13-февралда Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына ШИИБдин 102 кызматы тарабынан борбордогу кичи райондун бир батиринен жардамга чакырган кыйкырык угулуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшөт. Окуя болгон жерге Биринчи май райондук ИИБдин ыкчам-иликтөө тобу жетип барганда, уурдалган адамды 4 кылмышкер батирде мыйзамсыз кармап тургандыгы аныкталган. Кылмышкерлер аны байлап коюп чыгып кетишкен. Жабырлануучу колун бошотуп жардамга чакырган.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын 2-башкаруусундагы ыкчам тобу менен Жалал-Абад ОИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан ыкчам изилдөө иш-чарасынын жыйынтыгында кылмышка шектүүлөрдүн бирөөсү колго түшүрүлгөн. Кармалган адам Ош облусунун Өзгөн районунда 1998-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран мурун да соттолуп, Россия аймагынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Азыркы учурда адам уурдоо жана опузалап талап кылуу фактысына шектелген 3 адамды кармоо жана алардын жүргөн ордун аныктоо боюнча иштер уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×