Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.02.2019 13:13 Жаңыланды: 15.02.2019 19:09 На русском

Унаага жүктөлгөн өлүктөр, айыкпас жара, эненин көз жашы... Ооган согушунун ардагери О.Сартбаевдин эскерүүсү (видео)

Ооган согушунун ардагери Орозалы Сартбаев
Ооган согушунун ардагери Орозалы Сартбаев

Turmush -  Бүгүн Советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгына 30 жылдын жүзү болду. Он жылга созулган Ооган согушуна Кыргызстандан 7 миңден ашуун аскер жөнөтүлүп, 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Бул алаамат энеден баланы, баланы атадан ажыратып, далай үй-бүлөнү азапка салды. Согуш апаатында жүргөн жоокерлер оңой турмуш күткөн жок...

Апааттуу күндөрдү Ооган согушунун ардагери Орозалы Сартбаев да баштан кечирип, дале ошол каргашалуу согуштун азабын тартып келет. Ал оор күндөгү окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Армияга жараксыз» деген сөздөн коркуп...

- Мектепте баштапкы аскердик үйрөнүү сабагы бар эле, кызыгуу менен ынтызарланып окучумун. Негедир азыр ал сабакка жакшы көңүл бөлүнбөй калды.Окуучулук мезгилде аскердик кызмат өтөөнү милдеттүү түрдө түшүнөөр элек. Бизден чоңдор армиядан чыкыйып келишсе, демек ал жакта «жашоо жыргал» деген түшүнүк болчу да. Анан да «Армияга жараксыз болуп калыптыр» деген кеп өтө уят эле. Кызмат өтөп келгендерди айылдын кыздары да жакшы көрүшчү. Ошол үчүн да аскердик кызмат өтөсөм деп жанталашчубуз да.

Мектепти бүткөн соң аскер комиссариатынан чакыруу келип, мен теңдүүлөр ар тараптан жыйналдык. Жергиликтүү аскер комиссариатынын командирлери «Ооган жергесине ким барат?» деп жалпыбыздан сурады. Баарыбыз кол көтөргөнбүз. Ооган согушу кандай болуп жатат? Эмне болгон согуш? Ал боюнча бизде түшүнүк болгон эмес. Жаштык жалын кез экен. Буйрукту аткарган жоокер катары аттанып кеткенбиз. Алгач Ошко жеткирилип, ал жерден аскердик кийимдерди кийдик. Чачыбыз алынып, баарыбыз эле окшош болуп калдык. Анан Түркмөнстандын Кушка шаарына бардык, дивизиялык окуу борборунан даярдыктан өттүк. Душмандан өзүн сактап калуу, сойлоо, жашынуу, тоодогу, айылдагы атышуу, жарат алгандарга жардам берүү сыяктуу даярдыктан өттүк. Катардагы жоокер деген статус берилди. Анан оор жүк ташуучу учактар менен Ооган жергесине алып кетишти.

Биз жеткен учакка 3 унаага толгон өлүктөр...

- Биз жүк ташуучу учак менен Ооганстандын Шындан деген жерине бардык. Учактан түшөөрүбүз менен туш тараптан автоматтын үндөрү чыгып, кулак тунжуратты. Аябай жаман абалда калдык. Өзүбүзгө келе электе 3 аскердик Урал үлгүсүндөгү унаада өлүктөр алынып келип, биз жаңыдан түшкөн учакка жүктөй баштады. Андагы солдаттар кайгы капасы жок эле жүктөп жатышты. Ошол жерден эле ойлоно баштадым, жүрөгүмдө «алыс узабайт экенбиз. Менин да сөөгүм ушинтип айылыма жөнөтүлөт экен» деген ой пайда болуп, жаман болуп чыктым. Өлүм көз алдыма тартылды. Апамды эстедим, анын мени жоктоп кыйналганы көз алдыма тартылып, дүйнөм батпай кетти... Бизди болсо «Зил» унаасы менен алып жөнөштү. Чоочуганым кайсыл бурчтан же дарактан душмандар чыга калышып, атып коюшат экен деген кабатырлануу күч болду. Биз көздөгөн жерге аман-эсен жетип бардык, анан Пехода деген бөлүккө 4-ротага бөлүндүк. Какыраган талааларда суусадык. Күндүн ысык аптабына кыйналдык. Күнү-түнү уйку жок, чатырларда жашайбыз. Ок атуучу жерге алып барып ок аттырышат, кайра келебиз. Курал биздин жан сакчыбыз. Биз кошумча чөнтөктө эки окту ар дайым кошо ала жүрчүбүз. Биринде аты жөнүбүз жазылчу. Көрсө душман огуна учкан адамды аныктоо үчүн коюлган белги экен. Экинчи окту «душман колуна түшүп, азап чеккенден көрө өзүңдү-өзүң атып ал» деп түшүндүрүшкөн.

Даярдыктан кийин биз да операцияга чыга баштадык. Бирге жүргөн жоро жолдошторду жоготуп жаттык. Жергиликтүү эл советтик жоокерлерди жактырбагандай мамиле жасашчу. Ошентсе да тилин, маданиятын үйрөндүк. Биз да мусулманбыз деп куран окуп берген күндөр болду. Душмандар кол салган айылга барганда алар советтик жоокерлер келе турган жолду билишип, миналарды коюп жардырышаар эле. Үстүдөн туруп алып аткылашкан учурлар көп эле жүз берди. Жаныңдагы бала окко учканда өзүңдүн бар жогуңду билбей деле каласың. Ошол апааттуу күндөрдө жакын жүргөн Сейдикум айылынын тургуну Аликжан Талековду, Рахманжан Кайыпов деген балдарды жоготтук. Рахманжан документ иштерине кыйын болчу.

Минанын бөлүкчөлөрүн чыгарам деп күкүрттүн даны бутуна кирип...

- Ооган уруш мезгилинде күндөгүдөй эле операцияга чыктык. Бойлуу болгон үчүнбү самарканддык жигит экөөбүзгө узакты алган, автоматтардан жогору турган снайперди беришкен. Курал менен чуркап бара жатканыбызда согуштук техникабыз жарылды. Менин оң бутум үзүлгөндөй болду, чуркай албай жыгылдым. Анан жоокерлер мени жашырып коюп, жолун улап кетишти. Өтүктүн кончунун алды жагынан 2, тизенин арт жагынан 1 минанын сыныктары кирген экен. Бир аз өзүмө келип, бутумду карасам бар экен, негедир чылым чекким келди. Анан күкүрттүн данын алып «балдар келгиче бутума кирген минанын бөлүкчөлөрүн алып коёюн» деп бутумду чукулап кирдим. Тескерисинче күкүрттүн даны бутума кирип кетип, чыкпай калса болобу. Бутка микроб кирип кетет деген ой болбоптур. Анан балдар ооруканага жеткиришти. Көрсө дан тереңдеп кирип кетиптир. Дарыгерлер «сага ок эмес эле күкүрттүн даны атылыптыр» деп күлүп жүрүштү. «Макул болсоң операция жасайлы, сөөккө жакын жерде турат» дешти. Мен макул болгон жокмун. Улуу Ата Мекендик согушка барган аталар сынык менен жүргөндөрүн угуп көрүп жүргөндүктөн каалаган жокмун. Бирок баары бир азабын тартат экенсиң. Суук түшкөндөн тарта бутуңду зырылдатып оорутуп баштайт. Жаз келип күн ысып калгандан кийин гана өзүңө келип каласың.

БТРдин түбүндө калганда

- Душмандар менен алышып жүргөн мезгил чынында оор болду. 1983-жылдын 13-январында операция учурунда биздин БТРдин айдоочусу жарадар болуп, башкаруусун жоготту. Биз ошол БТРдин түбүндө калып калдык. Бир жоокер ошол жерден жан берди. Украиналык жоокер ден-соолугунан айрылды. Түркмөнстандык жигит контузия болуп калды. Мен гана жаракат алдым. Ошол учурда алган жаракат баары бир өз таасирин берет экен.

Ыраазычылык кат, кара кагазга айланып, эне сыздады

- Мен кызмат өтөп жүргөн учурда биздин командир почта аркылуу «жакшы бала тарбиялаганыңыздар үчүн ыраазычылык» деп ата-энеме ыраазычылык кат жөнөткөн. Аны ача алышпаган ата-энем «кара кагаз келди» деп ызы-чуу болушуп, ыйлашат. Ансыз да айылга кат келген сайын ичкени ириң болуп жүргөн апама өтө оор болот. «Көзүңө көзүм түшсө экен» деп боздоп ыйлайт. Ал окуяны апам ар дайым ыйлап айтып берчү. Кат да орус тилинде келет. Расмий тилди жакшы билгендерге алып барып окутушат. Ыраазычылык айтыптыр десе да апам байкуш ишенбей, башка бирөөлөргө окутуп, анан өзүнө келген. «Балам аман келсин» деп түрдүү ырым-жырымдарды жасаптыр.

«Ажалыбыз учакта» бири-бирибизди кучактап ыйладык

- Согуш мезгилинде коркунуч жоголуп, өлүү же тирүүлөрдү деле айырмалай албай калат экенсиң. 1983-жылы кызматыбыз бүтүп, үйүбүзгө кайтуу мезгили келди. Анда учак эмес жөө жалаңдап болсо да мекенибизге кайтууга даяр элек. Ооганстандын Шынланд деген жеринен Ташкентке учакка олтурдук. Ага чейин жоокерлердин учагына душмандар ок атышып, үйүнө кайтып жаткандар учактан жан берген учурлар болгонун укчубуз да. Учакка түшкөндө бизде коркуу сезими ойгонуп, учактагы бардык жоокерлер «ажалыбыз учакта тура» деп бири-бирибизди кучактап алып ыйладык. Душмандар көрбөй калса экен, ок атылбаса экен деп тиленип жаттык. Адам өмүрү ушунчалык кымбат экенин сезип, көзүбүз жашка толду. Шүгүр, Ташкентке аман-эсен кондук. Учактан түшкөндөн кийин тирүү жеткенибизге сүйүнүп ыйладык. Ушинтип оор күндөрдү баштан кечирип келдик. Азыр жаштар тынчтыктын кадырын билишпейт. Тынч жашоонун кадыр-баркын баалап, барктай билели.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×