Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.02.2019 10:27 На русском

«Баланы сүзүп кеттим»: Жалал-Абаддын 4 тургуну телефон аркылуу акчаларын алдатты (видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда уюлдук телефон аркылуу алдамчылардын торуна түшүп, көп суммадагы акчаларын алдырган 4 жаран милицияга арыз менен кайрылышты.

Сузак районуна караштуу Жийде айылынын К.Б. (аял киши) аттуу тургунуна ушул жылдын 24-январында саат 21:30 чамасында бейтааныш телефон номур аркылуу кимдир бирөөлөр байланышып: «Мен күйөө балаңызмын, жолдо бара жатканда жаш баланы сүзүп кеттим. Чоң суммада акча керек болуп жатат», деп кайрылган. Бирок телефон көтөргөн аял шашылыш кызына берген.

Уюлдук телефондон алдоого өткөн адам жагдайдан пайдаланып, жездеси болуп сүйлөшүп баштаган. Окуянын чоо-жайын уккан Алмаш үйүнөн 34 миң сом акча, 13000 сомдук кол телефон жана 30 миң сомдук чынжырчасын алып, Жалал-Абад шаарындагы Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин алдынан көк түстөгү «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаадан салып жиберген. Бирок ал унаанын номурун караган эмес. Ал жездесин ошол жагдайдан алып чыгып кетүүнү көздөгөн. Эртеси күнү гана алар алданганын билишип, милицияга кайрылышкан.

Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарынын Алмаз аттуу жашоочусу да алдамчылардын торуна түшүп, 50 миң сом акчасын алдырган.

«Ушул жылдын 19-январында 18:30 чамасында мага телефондон бейтааныш номур аркылуу чакыруу келди. Ал абалымды сурап «мени тааныдыңызбы? Мен бажаңызмын» деди. Мен «тааныган жокмун, Мунарсыңбы?» деп жооп бердим. Ал «ооба, мен Мунармын» деп, арманын айтып баштады. Ал мага: «мен 4-класста окуган баланы унаа менен тебелеп кеттим, жардамыңыз керек болуп жатат» деп ыйламсырап жардам сурады. Мен тааныштардан сурайын десем, ал «телефонуңузду өчүрбөңүз» деди. Акча жок экенин айтсам, ал милиция кызматкерлери сурап жатканын билдирди.

Мен ошол окуядан мурда унаамды башка бирөөгө насыяга берип тургам, ага шашылыш барып 50 миң сом алдым. Андан алып таксиге барып, экөөнү байланыштырган бойдон үйүмө кеткем. Ал мага байланышкандан тарта эле уюлдук телефонду өчүрбөстөн угуп турган. Эртеси бажама байланышсам, ал таң калды. Көрсө алданыптырбыз. Элди алдап жаткандар мыйзам чегинде жооп бериши керек», - дейт жергиликтүү тургун.

Алар карапайым калкты алдагандарга катуу чара көрүү зарылдыгын айтышууда. Анткени алданып, бирок милицияга кайрылбагандар да арбын.

Жалал-Абад ОИИБ бир айда уюлдук телефон аркылуу алданган 4 жаран кайрылганын билдирүү менен жарандарды уюлдук телефондогу сүйлөшүүлөрдө алданбоого чакырууда.

«Жалал-Абад аймагынан 4 атуул бизге арыз менен кайрылган. Бул фактылар боюнча ОИИБдин криминалдык милиция кызматы ыкчам иликтөө иш аракеттерин жүргүзүп, учурда алдоо менен алектенген кылмышка шектүүлөр аныкталууда. Биз жарандарды уюлдук телефон аркылуу акча сурагандарга алданбоого чакырабыз», - дейт ОИИБдин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×