Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.02.2019 09:56 На русском

Жалал-Абад шаарынын 2019-жылга карата бюджети кабыл алынды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 14-февраль күнү шаардык кеңештин кезектеги сессиясы болуп, анда 2019-жылга карата шаардын бюджети талкууланды. Жыйынтыгында казына кирешелери жана чыгашалары менен 474 миллион 675,6 миң сом деп кабыл алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сессияда депутат Сайдулла Чимбердиев элдин акчасын үнөмдөөнү сунуштап, бир нече мисалдарды келтирди.

«Элден чогулган акчаны үнөмдөшүбүз абзел. Өткөн 2018-жылы шаардын Ленин көчөсүнүн ортосуна 300-400 миң сомго жакын каражатка гүл идиштерди орнотуп, ага гүл отургузулган. Жайдын күнү ал гүлдөргө күн сайын суу куюп, жолдорго суу себилди. Ал челектер орнотулгандан кийин ай айланбай жатып унаалар сүзүп сындырды. Ал эми азыр курулуш жылы деп жолдун четтерине тротуарларды куруп жатабыз, курулуш иши бүткөндөн кийин жолду кеңейтишибиз керек деп, жаңыдан курулган курулуштарды бузуп жатабыз. Ошондуктан пландуу иш жасайлы. Азыр бала бакчаларга барсаң бир орунда 2-3 бала жатат. Андан көрө каражатты бала бакчаларга, элдин муктаждыгына жумшайлы», - деди С.Чимбердиев.

Маалым болгондой, 100 миңден ашык калкы бар Жалал-Абад шаарынын 2018-жылдагы бюджети 325 млн сомдон ашык болгон. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 70 млн сомго аздык кылган.

Өткөн 2018-жылы шаардык кеңештин депутаттары сессияга чогула албай, анын айынан төрага, шаар мэри шайланбай, шаар бюджетин бекитүү кечеңдеген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×