Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.02.2019 09:22

Жалал-Абадда психикалык ооруканада керебет жетишпей, бейтаптар батпай жатат

Turmush -  Жалал-Абад психикалык ден соолук борборундагы эски темир керебеттерди жаңылоо муктаждыгы күч болууда. Кээде керебеттердин жетишсиздигинен келген бейтаптарды жөлөнгүчү жок бир кишиге ылайыкталган эмерекке (кушетка) убактылуу жаткырууга туура келүүдө. Мындай пикирди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков оорукананын абалы менен таанышкан учурда дарыгерлер айтышты.

Маалым болгондой, мындагы темир керебеттер республикалык Кызыл-Жар психиатриялык оорукананын бөлүмү катары ачылганда кошо алынып келген. Бир топ жылдан бери колдонулуп келүүдө. Керебеттерди колдонуу мөөнөтү өткөнүнө карабастан ширетилип, оңдолуп келет.

«Керебеттердин дээрлиги эскирип калган. Кээде ушул темир керебеттерден да орун калбай, келген бейтаптарды кушеткага жаткырып турууга туура келүүдө. Дарыланууга келген бейтаптарды орун бошогондо кел деп айтууга да болбойт. Негизи биздин оорукана 100 орунга ылайыкташкан. Бирок биздин жайга дарылануу үчүн келген бейтаптардын саны арбыгандыктан орун жетишсиз болууда. Дагы 30-40 орун керек. Бизге психикалык жактан жабыркагандар эле эмес аракечтикке берилгендер, баңгизатка көз каранды болгон жарандар дагы келишет», - дешти дарыгерлер.

Ушундай абалдан улам аталган мекеменин жетекчилиги материалдык муктаждыкты чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышып, өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылышкан. Борбордун абалы менен таанышкан ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары жагдай боюнча тийиштүү тараптарга кайрылышаарын айтты.

Таанышууда маалым болгондой, бир бөлмөдө 7-8 бейтап жатканы көнүмүшкө айланганын байкоого болот. Негизи бир бөлмөдө төрттөн бейтап жатканы талапка ылайыктуу. Бирок мындагы борбордо андан көп адам жатат. Дарыгерлер бул көрүнүштү борбордун бөлмөлөрүнүн жетишсиздиги, жайды кеңейтүү зарылдыгы күч болуп тургандыгы менен түшүндүрүштү.

Жалал-Абад облусунда 8 миңден ашуун жаран психикалык жактан жабыркап, каттоодо турат. Андан сырткары аракечтикке көз каранды 2288 жаран, баңгизатына көз каранды 478 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Республикада психикалык жактан жабыркагандардын саны 87 миңден ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×