Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.02.2019 08:46

Жалал-Абадда «Мариф» мектебин курууга түрк инвесторлору жер сурашты (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Түркия тарап «Мариф» мектебин курууга кызыкдар. Эгер жер бөлүнсө мектеп курууга даяр. Мындай маалымат Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат баштаган делегация менен Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков баштаган шаардык бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусундагы жолугушууда кабарланды.

Эки тараптуу сүйлөшүүдө элчи билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында бир катар колдоо көрсөтүүлөр болгонун, мындан ары да колдоолор күчөй берерин айтты. Ошондой эле ал жакында социалдык багытта жакшы долбоор башталарын, анда тигүүчү аялдарды колдоо багытында иш жүрөрүн баса белгиледи.

«Биз айыл чарба багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн да ишкерлерибизди алып келип, жеринде көрсөтүүнү пландап жатабыз. Бул дубанда пахтаны кайра иштетүүнү колго алса болот экен. Буйруса эки тараптуу кызматташуу күчөй берет. Ал эми Жалал-Абад шаары Тарсус шаарынан башка да шаарлар менен алакаңарды жакшыртсаңар болот. Биз мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө аракет жасайбыз», - деди ал.

Маалым болгондой, Түркия мамлекетиндеги Тарсус шаары менен Жалал-Абад шаарынын ортосунда бир туугандык мамиледе достошуу келишими түзүлгөн. Буга ылайык эки тараптуу кызматташуу болуп келет. Сүйлөшүүдө Измир шаары менен да алакаларды жакшыртуу демилгеленди.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын вице-мэри М.Адылбеков Түркия мамлекети менен кызматташууга даяр экендиктерин айтып, 10го жакын долбоорду сунуштады.

«Спутник кичи шаарчасындагы сейил бакка Ата-Түрктүн ысымын ыйгаруу демилегенген. Ушул сейил бакты заманбапташтырууга колдоо көрсөтсөңүздөр жакшы болмок. Мисте токоюбуз бар, зыянкечтерди жок кылуу багытында иш алып барсак. Мындан башка да бир катар пландарыбыз бар», - деди М.Адылбеков.

Элчи сүйлөшүүдө түрк бийлиги билим берүү тармагында мындан ары да кызматташуу күчөй бере турганын айтуу менен, «Мариф» мектебин ачууга жер караштырып берүүнү өтүнүштү.

«Бул мектеп ачылса мугалимдердин маяналары жогору болот. Окуу төлөмдөрүнөн да жеңилдик жаралат», - деди элчи.

Вице-мэр Майрамбек Адылбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Мариф» мектеби үчүн жай караштырууну азырынча шаар бийлиги карай электигин айтты.

«Бул маселе талкуулана элек. Балким имараттардан караштырабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×