Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.02.2019 12:40 На русском

Жалал-Абаддагы 8 диаспоранын өкүлдөрү 2018-жылы аткарган иштерин тизмектешти (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 2018-жылы диаспоралардын колдоосу менен ири инвестициялар тартылган. Бул тууралуу шаар мэри Мураталы Тагаев 8 диаспоранын өкүлдөрү менен жолугушканда маалым болду.

Маалым болгондой, диаспора өкүлдөрүнүн аракети менен 2 гемодиализ аппараты сатылып алынган.

«Башкыр маданий борбору 2012-2013-жылдары түптөлүп, иш алып барууда. Негизи биз ар улуттун өкүлдөрүбүз, бирок биз бир өлкөдө жашайбыз. Баарыбыз Кыргызстандын жарандарыбыз. Ошондуктан шаардагы көйгөйлөрдү четтен карап турбай, биз дагы кол кабыш кылып, алардын чечилишине аракет кылабыз.

Өткөн жылы татар-башкыр диаспорасы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрдүк, мындан башка шаардагы ар кандай маданий иш-чараларга активдүү катышып келебиз. Быйылкы жылга да көптөгөн пландарыбыз бар», - деди аталган диаспоранын башчысы Элмира Алимжанова.

Ал эми калаа башчысы Мураталы Тагаев шаардагы 8 улуттун диаспоралары шаардагы маданий иш-чараларга активдүү катышып келе жатканын белгилеп өттү.

Жолугушууда диаспоралардын башын кошкон иш-чаралар мындан ары да жандана берери айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×