Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.02.2019 20:07

Видео — Жалал-Абаддагы дүкөндүн ачылышы: Чогулган эл бири-бирин тебелеп кете жаздады

Turmush -  Жалал-Абад шаарында алгачкы ирет «Барбол» кондитердик фирмасынын дүкөнү 7 миң адамдын катышуусунда ачылды. Ачылыш аземине Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев, Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу жана шаар тургундары катышты.

Шаар тургундарынын көптөн берки тилеги орундалганын, мындан ары ар бир жашоочу ата мекендик өндүрүштөгү таттууларды алууга болорун «Барбол» кондитердик фирмасынын аткаруучу директору Адилет Аринов билдирди.

«Ош шаарында кондитердик фирмалардын эң алды болдук деп айта алам. Анткени Ош шаарынын өзүндө эле 7 фирмалык дүкөнүбүз бар. Эми Жалал-Абад шаарында ачылуу аземин өткөрүп жатабыз. Ар бир кыргызстандыкка кондитердик жана нан азыктарын жеткирүүнү максат кылып келебиз. Буга чейин Жалал-Абаддагы дүкөндөргө таратып, кызматташып келсек, эми шаар тургундары өздөрү биздин фирмалык дүкөндөрүбүздөн түрдүү нан жана кондитердик азыктарды сатып ала алышат», - деди ал.

Иш-чарага 7 миңге чукул шаар тургундары катышып, түрдүү белектерге ээ болушту. Лотереялык билеттер ойнотулуп, жашоочулар таттууларды жана сертификаттарды, фирманын кичинекей таңгактагы печеньелерин акысыз ала алышты. Элдин көптүгүнөн шаар тургундары бири-бирин тебелеп кете жаздашты.

«Барбол» кондитердик фирмасы майрам күндөрүн утурлай өзүнүн кардарларына түрдүү арзандатууларды жарыялайт. Фирманын кызматкерлери электрондук колдонуучуларын социалдык түйүндөр аркылуу арзандатуулар тууралуу кабардар кылып турат.

«Барбол» — торт жана нан азыктарын өндүрүүгө багытталган жергиликтүү ата мекендик өндүрүш компаниясы. Фирма түрдүү нан жана кондитердик азыктарын даярдап келет. Аны 2008-жылы жеке ишкер Канатбек Акаев негиздеген.

«Барбол» кондитердик фирмасы бүгүнкү күндө торттун 19 түрүн, нандын 17, кондитердик азыктын 30 түрүн өндүрөт.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Нагима Айтматова көчөсү (болжол Рембытехника).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×