Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.02.2019 15:55

Б.Райымкулов ЖМТРКнын директору кысым көрсөтүп жатканын айтып чыкты. Жетекчилик эмне дейт? (видео)

Turmush -  Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары Байгазы Райымкулов жетекчиси тарабынан моралдык кысымга дуушар болуп келе жатканын АКИпресс— Жалал-Абад маалымат борборунда журналисттерге берген жыйында айтып чыкты.

Анын айтымында, ал былтыркы жылдын сентябрь айынан бери кысымга кириптер болуп келет. Жетекчиси менен пикир келишпестик жумуштун кызыкчылыгы үчүн эмес жеке баракчадагы жазышуудан улам чыккан.

«Биздеги абал 2018-жылдын 17-сентябрында башталган. Менин иш бөлмөмө кимдир бирөө кирип, Фейсбук жеке баракчам аркылуу башка бирөө менен жазышканымды ак баракка чыгарып, жетекчиге жеткириптир. Андагы жазышууда кимдир бирөө менин жазышуума кошумча пикирлерди жазган. Ошол эле күнү жетекчим телеканалдын юристин, ардагер журналистти чакырды. Мага карата бир тараптуу каралоо болду. «Ички саясатты ички мамилени жашыруун сырды сатты» деген сөздөр болду. Бирок мен ишенимдүү айта аламын, жеке жазышууда телеканалдын жашыруун сыры айтылган эмес. Моралдык жана юридикалык кысым менен 45 мүнөттөй иш бөлмөдө олтуруп, мажбур түрдө жумуштан бошотуу боюнча арыз жаздым.

Негизи менин арыз жазышым телеканалдан чечилбей турган маселе. Негизи Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Бактыгүл Ноорузбаеванын буйругу менен гана жумуштан алынам. Кетирүүнүн да бир нече себептери болушу керек болчу. Ага чейинки чаралар бар. Мен арызымды жаздым, жетекчибиз каршы эмесмин деп департаментке жөнөткөн. 21-сентябрь күнү департаменттен арыздын электрондук варианты алынганын, түп нускасы керек экенин айтышты. 24-сентябрда мен департментке барганымда себебин сурашты. Жазууга себептер болгонун айттым, юридикалык баа берүү үчүн департаменттин юристи чакыртылды. Ошондой сүйлөшүүдөн соң кайрадан арызымды кайтарып алуу боюнча арыз берип, ордумда калдым. Протокол толтурулуп жетекчиликке жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, протоколду кабыл алган жок», - деди ал.

Анын айтымында, кайрадан өз ордуна келген менен анын функционалдык милдеттерин оозеки түрдө алып, башка бөлүм башчыларга жүктөп койгон. Мурда маянасына калем акылар кошулуп, 12 миң сомдун тегерегинде каражат алса, азыр эмгек акысы 5 миң сомдой болууда.

«Менин эмгек акым 6600 сом болсо, калем акылар кошулуп 10-12 миң сомдун тегерегинде акы алчумун. Күнүмдүк программаларды даярдагандыгым үчүн кошумча калем акы эсептелип, 10-12 миң сомго барчу. Маянадан башкасын таптакыр кыркып салгандыктан 5300 сом гана маяна алуудамын. Бул үй-бүлөлүү адам үчүн жетишсиз. Үстүбүздөгү жылдын 30-январына чейин 3-4 жолу жетекчибиз Союзбек Абдрасуловдун бөлмөсүнө кирип, кечирим сурадым, элдешүүгө бардым. Милдеттеримди берүүсүн сурандым. Оң жооп болгон жок. Ортобузда тирешүү же араздашуу, кыйкырыктар болгон жок. Моралдык кысым болуп келе жатат. Аргасыздан өлкө башчысына, өкмөт башчыга, министрге, ыйгарымдуу өкүлчүлүккө жана облустук прокуратурага кайрылдым», - деди ал.

Телеканалдын юристи Чыңгыз Мырзабеков орун басар эч кандай кысымга алынбаганын билдирди.

«Анын «юридикалык жактан жана юрист, ардагер журналист менен кысымга алды» дегени бул чындыкка дал келбейт. Ал деген катардагы оператор же катардагы кызматкер эмес да, облустук телеканалдын башкы директорунун орун басары. Анын кол алдында иштеген кызматкерлер кантип кысымга алат? Анын үстүнө бул маселе борбордон, департаменттен чечилчү маселе. Мажбурлап арыз жазылган учурду ал далилдеш керек. Мындан сырткары «менин фейсбук жеке баракчамды ачып жазышууларымды кагазга көчүрүп жарыялады» деп жатат. Ал жерде жазышууларын же башка маселелери талкууланган эмес. Анда жетекчи «башка тараптардан келген ушактарды өз ара талкуулап алалы» деп атайын чакырган. Ооба, жетекчиге чогуу киргенбиз, бирок ал жерде өзү баса белгилеп кеткендей уруш жана кысым көрсөтүү болгон эмес.

ММКларга маалымат жыйын берип, кесиптештерине нааразы болбой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги алдындагы департаментке кайрылса болмок. Президентке кайрылыптыр, бирок ал президентке кайрылаардан мурун өзүн кызматка дайындаган департаментке кайрылса болмок экен. Анын өкмөткө, президентке кайрылууга укугу бар. Бирок мен азыр: «департаменттен анын жазган арызына ылайык комисия түзүлүп, ишти карап чыкса болот эле» деп сунуштап жатам. Келген комиссия карап чыгып, бир корутунду чыгарат деген ишеничтемин», - деди Чыңгыз Мырзабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×