Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.02.2019 16:14

Жалал-Абадда жетим балдар үчүн ачылган банктык эсепке 1 млн сомдой каражат түштү

Turmush -  Жалал-Абад облусунда тоголок жетим балдарды колдоо үчүн ачылган депозиттик эсепке миллион сомдон ашык каражат түштү. Балдарга карата зомбулуктун алды алуу маселеси талкууланган штабда белгилүү болгондой, дубанда ата-энесинен ажыраган 510 бала жашайт. Анын ичинен 486 баланын ар бирине депозиттик эсеп ачылган. Ал эми калган балдардын тийиштүү документтери топтолушу керек.

«Негизинен тоголок жетим балдардын ар бирине депозиттик эсеп ачылган, азыркы тапка чейин андагы эсептерде топтолгон каражат бир миллион 50 миң сомдон ашты. Негизинен каражат мекеме-ишканалар, колунда бар жарандар тарабынан топтолгон. Негизги максат жардамга муктаж балдардын материалдык базасын чыңдоого көмөк берүү болуп саналат», - дейт өкүлчүлүктүн кызматкери А.Камбаров.

2015-жылы облустук прокуратура жетим балдарга банктан эсеп ачуу демилгеси көтөрүлүп, колдоого алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×