Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.02.2019 14:29 На русском

Жалал-Абадда зомбулукка кабылган балдар негизинен өгөй ата-энелерден жабыркаган

Turmush -  Жалал-Абад дубанында былтыркы жыл ичинде зордук-зомбулукка кириптер болгон балдар негизинен өгөй ата, өгөй энелерден жабыркаган. Мындай пикир бүгүн, 12-февралда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, ырайымсыз мамилелерди болтурбоо маселеси талкууланган штабда айтылды.

Жыйынды өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков алып барып, аким-мэрлердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жалал-Абад ОИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Алмаз Юсуповдун маалыматына караганда, 2018-жылы 6 жаш балага карата зордук-зомбулук, ырайымсыздык мамиле жасалган.

«Балдарга карата зомбулук боюнча Жалал-Абад шаарында 3, Аксыда 2, Тогуз-Тородо 1 фактысы катталган. Негизинен балдарга карата ырайымсыздык мамиле өгөй ата, өгөй эне, өгөй бир туугандар тарабынан орун алууда. Үй-бүлөдө пикир келишпестик чыкса же ичимдиктен улам жаңжал чыга турган болсо өгөй ата же эне балдарды уруп коюшат. 5 факты тосмо арыздан улам токтотулган. 1 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Бул сыяктуу окуялардын алдын алуу үчүн биздин жетекчилик тарабынан зордук-зомбулукка, ырайымсыздык мамилеге жол бербөө максатында иш пландар иштелип чыгып, райондорго жиберилди. Жер-жерлерде түшүндүрүү иштер жүрүүдө. Биз жумуштарды жүргүзүп жатабыз. Бирок күчүбүз жетпей жатат. Кылмыштуулуктун алдын алуу, зомбулукту болтурбоо багытындагы иштерге коомчулуктун да колдоосу керек болуп турат», - деди ал.

Ошондой эле ал жергиликтүү бийлик балдар маселеси боюнча жакшы жумуш алып барбай жатканына нааразы болду.

«Бизде жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген кызматкерлер жетишсиз. Бир кызматкерге 6-7 мектептен туура келет. Ошол үчүн кылмыштуулуктун алдын алуу багытында тыгыз иш алып баруу үчүн жергиликтүү бийликти көмөктөшүүгө чакырып кат жолдодук. Акимчилик, мэрия кайрадан биздин кызматкерлерге жумушту жүктөп, өзүбүздөн маалымат алып жатышат. Айылдык кеңештин төрагалары, төрайымдары, жаштар кеңештери бар. Ошолорду тартууга жардам беришсе деп кайрылганбыз», - деди ОИИБдин өкүлү.

Мындан улам жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн милициянын даяр маалыматын отчетко тиркебей, өз алдыларынча да иш алып барууга чакырык ташталды. Өкүлдүн орун басары Ы.Ызабеков мигранттардын балдары дээрлик такталып бүтүп калганын белгиледи.

«Облуста мигранттардын балдарынын саны дээрлик такталып калды. Ар бир үйгө чейин кыдыруу болууда. Бүгүнкү күнгө алган маалыматыбызга караганда, ички жана сырткы мигранттардын балдарынын саны 19698. Бул сан дагы өзгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүгү эле таята, таенесинин, чоң ата жана чоң энесинин колунда тарбияланууда. Биз негизгиси мигранттардын балдарын тактап алдык. Эми бул боюнча иш алып барышыбыз керек», - деди ал.

Ошондой эле ал жатак мектептердеги абалга көңүл буруу керектигин айтты.

Анын пикиринде облуста жалпысынан 6 жатак мектеби калды. Аларга мектептен алыскы аймакта жашагандардын, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары жайланышы керек. Ушул жагдайлар эске алынбай жатканы боюнча нааразычылыктар бар экенин билдирди.

Мындагы жыйында балдар арасындагы кылмыштуулукту азайтуу, балдардын укуктарын коргоо маселелери айтылып, балдарга байланышкан иштер күчөтүлмөй болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×