Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.02.2019 14:43 На русском

Кыргызстанга мыйзамсыз кирген террорчу Жалал-Абаддан кармалды

Turmush -  Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Борбор Азиядагы өлкөнүн жараны — 1989-жылы туулган А.Р.Б. аттуу шектүүнү Жалал-Абад шаарында колго түшүрдү. Ал өзүнүн өлкөсүндө оор кылмыштарга, анын ичинде террорчулукка багытталган иштер боюнча расмий издөөдө жүргөн.

Бүгүн, 8-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү колго жасалган ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонууну, ошондой эле шаарларда жана тоолордо автомат менен мушташуу тактикасын үйрөнгөн. Ал Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип, кол салууларды уюштурууга жол ачуу планын түзгөн.

Учурда анын тарапташтарын аныктоо жана мындан ары чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берүү маселелери каралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×