Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.02.2019 14:36

Таш-Көмүрдө 3 мектеп спорт залга муктаж

Таш-Көмүр
Таш-Көмүр

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында 3 мектепке спорт зал куруу зарылчылыгы бар.

Маалым болгондой, 2018-жылы 15 миллион сомго бир мектептин спорт залы толук бүткөрүлгөн.

«Учурда шаар боюнча жалпы 3 мектептин спорт залдары жок, окуучулар дене тарбия сабактарын класстарда өтүшөт. Буга чейин мамлекеттик курулуш башкармалыгы тарабынан 15 млн сомго бир мектепке спорт залын курдурганбыз. Калган мектептерге да спорт зал курдуруу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдоп жатабыз», - дейт Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тагайбек Шабданов.

Ошондой эле ал: «Шаардагы №3 Тоголок Молдо атындагы, №14 Садыков атындагы гимназия-мектеби жана №12 Пушкин атындагы мектептер спорт залга муктаж», - деп кошумчалады.

Таш-Көмүрдө жалпы 14 мектеп бар болсо, анда билим алган окуучулардын саны 8,5 миңден ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×