Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.01.2019 13:03

Министрдин орун басары К.Асанов милиция менен тыгыз иштеген Жалал-Абаддын тургундарына сыйлык тапшырды

Turmush -  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 2018-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө жыйынтыктоочу оперативдүү кеңешме болду. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага ИИМдин башчысынын орун басары, милициянын генерал майору К.Асанов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ОИИБдин жетекчилик курамы, бөлүм башчылары, шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана орун басарлары катышты.

Жыйындын башында жарандык коомдун кылмыштуулуктун алдын алууда ички иштер органдары менен тыгыз жумуш алып барып жаткандыгы айтылып, бир топ облус тургундарына ИИМдин ардак баракчалары жана төш белгилери тапшырылды.

Ыкчам кеңешмени Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов алып барып, жалпысынан Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 2018-жылдын 12 ай ичинде аткарган оперативтүү-кызмат, сырткы кызмат жана жалпы ишмердүүлүгүнүн абалына токтолду.

Алсак, 2018-жылдын 12 ай ичинде жалпы катталган кылмыштардын саны - 2289. Анын ичинен 1837 кылмыш иши козголуп, 2736 кылмыш иши тергелген. Ошондой эле, катталган кылмыштардын ичинен 2500 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу 91,4 пайызды түзгөн.

ИИМдин башчысынын орун басары К.Асанов жыл ичинде Жалал-Абад облусундагы бир топ жетишкендиктерге токтолуп, аны менен өткөн жылы кетирген кемчиликтерге жол бербөөнү талап кылды. Ошондой эле, өздүк курамды жаңы мыйзамдар боюнча так жумуш алып барууга, ар кандай уурулуктардын бетин ачууда келтирилген материалдык зыяндардын ордун толтурууга үндөдү.

«Биздин милдет камоо эмес, жарандардын арасында тартипти орнотуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу», - деди ИИМдин орун басары Курсан Асанов.

Жыйынтыгында Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам-кеңешмесинин чечими менен ОИИБдин 2018-жылдын 12 айында кылмыштуулуктун алдын алууда жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук тартипти жана атуулдардын коопсуздугун сактоодо аткарган иштери жакшы экендиги айтылды. Ошондой эле, айрым шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн көрсөткүчтөрү каралып, оперативдүү кеңешменин жыйынтыгы менен тиешелүү кызматкерлерге тартиптик жазалар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×