Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.01.2019 15:51 На русском

Видео — Айып пулдардын көбөйүшү тууралуу Жалал-Абаддын тургундары эмне дейт?

Turmush -  2019-жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдардын ичинде жол эрежесин бузгандарга жана коомдук жайларда түкүргөндөргө коюлган айып пулдар коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Бул теманын алкагында аймактык кабарчы Жалал-Абад шаарынын тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүздү.

Жашоочулардын айрымдары айып пулдардын жогорулашы карапайым калкка кыйын болгонун айтса, башкалар бул чаралар жол кырсыктарын азайтып, эреже бузгандарды тизгиндейт деп ишенишет.

«Коомдук жайларда түкүргөндөргө айып пулдун салынышын туура деп эсептейм. Мисалы, башка өлкөлөргө барсаң айнектей таза. Араб Эмираттары жана Венгрия сыяктуу өлкөлөрүндө болдум, бир дагы таштанды көргөн жокмун. Биздин өлкөгө келсең эле, бардык жери таштанды. Ушул тартиптин негизинде бир аз өзгөрүү болот деп ишенем», - дейт шаар тургуну Гүлсүн Кудайбердиева.

Ал эми Осмон Уламсадыров аттуу шаар тургуну жаңы мыйзам күчүнө киргенден тарта коопсуздук курун тагынып, жол эрежесин сактаган айдоочулардын катары калыңдаганына күбө болгонун айтат.

«Мас абалда унаа башкаргандарга айып пулдун суммасы 17500 сомго көтөрүлүптүр. Бул айып пулду 30000 сом кылып койсо да каршы болбойт элем. Анкени, айдоочулар эгер мен жол эрежесин бузсам, мынча акчаны кайдан тапмак элем деген коркуу сезими болот. Мисалы, азыр айдоочулар айып пулдан коркушуп, коопсуздук курун тагынып калышты.

Мындан тышкары, коомдук жайда түкүргөндөргө эми 5500 сом айып салынат экен. Негизи биз айып пулу жок эле түкүрүп-какырмай адатыбызды калтырышыбыз керек болчу. Тилекке каршы, биз маданиятыбызды өстүрө албагандыгыбыз үчүн ушул мыйзамды кабыл алды деген ойдомун. Мен ушул мыйзамды колдойм», - деди ал.

Ал эми Сузак районунун тургуну Калмамат Тагаев ак үйдүн алдына түкүрүп, 5500 сом айып пулун камдаган жигиттин жоругу тууралуу өз пикирин билдирди.

«Президент С.Жээнбеков коррупцияны жоём деп коюп, кайра коррупцияга жол ачып жатпайбы. Кечээ бир жаш жигит ак үйдү карап түкүрдү да, 5500 сомду алып кет деп айтып чыкты. Эгер ал баланын ордунда мен болгонумда, мен дагы бирөөдөн карыз алып, ушул ишти кылмакмын. Бул ошол мыйзамды иштеп чыккандардын абийирине деген сөз. Эгерде бул айып пулдар коррупция жолу менен сол чөнтөккө кетпей, пенсионерлердин, кароосуз калган балдар, карылар үйлөрүнө жумшалса, берип туралы», - дейт ал.

2019-жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдардын ичинде жол эрежесин бузган айдоочуларга салынуучу айыппулдун өлчөмү бир нече эсе көбөйдү. Эгерде мас абалында унаа айдаган жаранга 17 500 сом айыппул салынат. Андан тышкары коомдук жайларда түкүргөндөргө 5500 сом айыппул каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×