Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.01.2019 17:37

Жалал-Абадда акыркы 4 күндө 131 кылмыш-жоруктар катталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында 2019-жылдын 4-январына карата 131 кылмыш-жолуктар катталган. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун ички иштер органдары 2018-жылдын 1-январынан баштап өз ишмердигин жүргүзө баштаган жаңы мыйзамдардын жана кодекстердин, аны менен бирге «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» аталыштагы электрондук каттоону толук иш жүзүнө ашырды. Бул багытта электрондук каттоонун үзгүлтүксүз ишке киришине көзөмөл жүргүзүү үчүн ИИМден Жалал-Абад облусуна кызматтык иш сапар менен ИИМдин башчысынын орун басары Мирлан Каниметов жана 6 башкы башкармалыктын башчылары келишип, ар бир шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүндө иш алып барууда.

«Жалал-Абад ОИИБдин 11 бөлүм башчылары да бөлүнүп, жер-жерлерде профилактикалык иш-аракеттерди жүргүзүп жатат. Ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Жогорудагы иш-аракеттердин натыйжасында былтыркы жылдын алгачкы 4 күндүгүнө салыштырмалуу облус аймагында кылмыш окуялары бир топ азайды. Алсак, 2019-жылдын 4-январына карата облус аймагында 131 (маалымат, кылмыш жана жоруктар) кылмыш катталган. Ал эми былтыркы жылдын алгачкы 4 күнүндө 279 ар түрдүү кылмыш кырсык окуялары катталып, салыштырмалуу 148ге аз.

Анын ичинде 2019-жылдын 4-январга карата КЖБРге 84, кылмыштар 42, жоруктар 45, учурда бузуулардын бирдиктүү реестрине жалпы 10 протокол түзүлгөн. «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 81-беренеси (коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичип, мас абалда жүргөн жарандар) боюнча 8 протокол түзүлүп, 5500 сомдон акчалай айып салынган.

«Бузуулар жөнүндө» кодексинин 53-беренеси (тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын тартуу) боюнча 2 протокол толтурулуп, ар бирине 1000 сомдон айып салынган. Негизинен катталган кылмыштардын көпчүлүгүн бейбаштык, денеге залал келтирүү түрүндөгү кылмыштар түзүп, тергөө иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×