Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.01.2019 14:28

Кумарбек Ботокараев Жалал-Абад облустук оорукананын жетекчиси болду

Turmush -  Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын жетекчиси болуп Ботокараев Кумарбек Пазылович дайындалды.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, жаңыдан келген жетекчи оорукананын жамаатына кечээ тааныштырылды. Тиешелүү буйрукка Саламаттыкты сактоо министри 2019-жылдын 2-январында кол койгон.

Жамаатка жаңы жетекчини Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Нурдин Эрматов тааныштырып, ага ийгиликтерди каалады.

Жыйында буга чейин оорукананы жетектеп келген Жаныбек Карабаевдин үзүрлүү эмгектенип, оорукананы жакшыртууга кошкон салымы белгиленип, ыраазычылыктар айтылды. Ал өз арызы менен жумуштан бошогон.

Жаңыдан келген жетекчи буга чейин Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасында башкы дарыгери болуп эмгектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×