Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.12.2018 15:06

Жалал-Абадда алдыңкы окуучулар сыйланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абал шаарындагы мектептерде мыкты окуган жана коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан мектеп окуучуларына Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев Ардак грамоталарды, Алкыш баракчаларды жана белек катары китептерди тапшырды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бардык мектептерден жалпысынан 40тан ашуун окуучу мэрдин кабыл алуусунда болушту.

Калаа башчысы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жаш жеткинчектерге колдон келген жардам беришерин айтып, алардын активдүү болушун, окууларында көп ийгиликтерин багындырышын каалады.

Ал эми окуучулар мэр тапшырган сыйлыктар жана белектер аларга чоң стимул болорун айтышты.

Мэр алдыңкы окуучуларды кабыл алып, сыйлоо үчүн өзүнүн резервдик фондунан 21 миң 800 сом каражат бөлүп берген. Ал эми шаарда 20 жалпы билим берүүчү мектептер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×