Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.12.2018 17:45

Жалал-Абадда мэрдин жаңы жылдык балаты майрамына 500 бала чакырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад шаарынын мэринин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Барпы атындагы драм театрда өткөн иш-чарага мэр Мураталы Тагаев, мэриянын кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ата-энелер жана мугалимдер катышты. Саамалыкка мектептерден 277 алдыңкы окуучулар чакырылган.

Майрамдын жүрүшүндө мэр М.Тагаев балдарга каалоо-тилектерин айтып, даярдаган белектерди тапшырды. Андан соң театр өнөрпоздору тарабынан сахналаштырылган «Беш бармак» аталышындагы жомок тартууланды.

«Мэрдин балаты майрамы эки бөлүктө өткөрүлүп, ага алдыңкы окуучулар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары болуп, жалпы 500 бөбөк катышты. Иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 440 миң сом бөлүнгөн», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×