Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.12.2018 15:09 Жаңыланды: 26.12.2018 18:05

Жалал-Абадда өкүлдүн жаңы жылдык балаты майрамы кандай өттү? (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү.

Өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашырованын айтымында, иш-чарага өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты.

«Балаты майрамга облустун 11 район-шаарлардан аз камсыз, мүмкүнчүлүгү чектелген, Апрель революциясынын жана июнь окуяларынын катышуучуларынын балдары жана окуунун эң мыктыларынан жалпы 180 бала катышты. Аларга 153 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Балдарга таттуулардан жана жумшак оюнчуктардан белектер даярдалган. Барпы театрынын кызматкерлери тарабынан балдарга «Бешбармак» аттуу жомок жана спектакль уюштурулду», - деди Г.Ашырова.

Жалал-Абад облусунан 31 бала президенттин балаты майрамына жөнөтүлгөн. Ош облусундагы Улуттук драм театрында премьер-министрдин катышуусунда боло турган балаты майрамына 200 бала барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×