Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.12.2018 11:38

Жалал-Абаддын жетекчиси интернатта тарбияланган балдарга белек тапшырды (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жаш бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулап, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач өкүл Ноокен районунун Шайдан айыл аймагындагы 155 бала тарбияланып жаткан Ж.Ниязов атындагы атайын көмөкчү жатак мектеп-интернатына барып, 118 миң 750 сомдук белек-бечкектерди, интернатка керектүү буюмдарды тапшырды. Андан соң, Жалал-Абад шаарындагы учурда 101 бала кароого алынган балдардын психоневрологиялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштери менен таанышты.

Ошондой эле борбордун балдарга атайын даярдалган балаты майрамына күбө болуп, 110 миң 950 сомдук, ал эми «Ак жол» комплекстүү реабилитациялык борборуна 28750 сомдук жаңы жылдык оюнчуктарды, балдарга белектерди тапшырды. Облус жетекчиси балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, берекелүү өмүр жана жетишкендиктерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×