Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.12.2018 10:09

Жалал-Абаддан президенттин, премьердин жана өкүлдүн балаты майрамына канча бала катышат?

Turmush -  Жалал-Абад дубанынан президенттин балаты майрамына 31 бала жөнөтүлдү.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашированын айтымында, өлкө башчынын балаты майрамына алдыңкы окуучулар, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн жана Аксы окуясында, Апрель революциясында жабыркагандардын да балдары кошулду. Ал эми премьер-министрдин балаты майрамына 200 бала барат.

«Өкмөт башчынын балаты майрамына атайын коомдук унаа уюштурулган. Алардын коопсуздугун камсыз кылуу жактары да каралган», - дейт бөлүм башчы.

Маалым болгондой өкмөт башчынын балаты майрамы 27-декабрда Ош шаарында өтөт. Ал эми өкүлдүн балдарга арналган арча майрамы Барпы театрында 26-декабрда өтөт. Бул саамалыкка 180 окуучу катышат. Аларга белектер тартууланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×