Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.12.2018 09:50 На русском

Жалал-Абадда 31-декабрда коомдук транспорттор түнгө чейин иштейт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 31-декабрь күнү коомдук транспорттор түнкү саат 12:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Майрамбек Адылбеков билдирди.

Анын айтымында, жаңы жылдык майрамга карата коомдук транспорттор толугу менен иштешет.

«Мэрияда аппараттык жыйын болуп, тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берилди. Мындан сырткары, Жалал-Абад авто базасындагы автобустар да 31-декабрь күнү борбордук аянтка келген элди ташыйт», - деди вице-мэр.

Жалал-Абад автобазасында 15 автобус бар жана 9 ЖЧК шаар калкына транспорттук кызмат көрсөтөт. Быйылкы жаңы жыл майрамына шаар казынасынан 2 млн 300 миң сом бөлүнгөн. Анын ичинен 1,5 миллион сомго балаты орнотулуп, 800 миң сомго шаардагы бактар, көчөлөр кооздолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×