Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.12.2018 16:33

Жалал-Абадда уруксатсыз пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жаңы жылга даярдык жана аны майрамдоо учурунда уруксаты жок, пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу мэриянын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин башчысы Автандил Дүйшеев билдирди.

Анын айтымында, шаар аймагына ар кайсыл фирмалар тарабынан алынып келинген пиротехникалык каражаттардын мыйзамдуулугун, кампаларда жана соода түйүндөрүндө сакталышын, сапатын жана уруксат берүүчү документтерин катуу көзөмөлгө алуу жагы тапшырылган.

«Учурда ШИИБ, шаардык өрт коопсуздук кызматы жана биздин кызмат биригип, базарларда жана жаңы жылдык каражаттарды саткан дүкөндөргө рейд жүргүзүп жатабыз. Негизи сатуучулар пиротехникалык каражаттарды лицензиянын негизинде жана сакталуу шартына жараша уруксат берилип, сатыкка чыгарылат. Мындай рейддер жыл сайын мэриянын токтомунун негизинде ишке ашып турат», - деди А.Дүйшеев.

Ал эми Жалал-Абад облустук өрттү өчүрүү, алдын алуу жана авария куткаруу бөлүмүнүн улук офицери Азизбек Багишев түшүндүрүү иштери шаар аймагында эле эмес, облустун башка район-шаарларында дагы жүргүзүлүп жатканын айтты.

«2017-жылдын 31-декабрь күнү облус аймагында пиротехникалык каражаттарын туура эмес колдонгондуктан бир өрт кырсыгы катталып, 6 миң сомдон ашуун материалдык чыгым болгон. 2018-жылдын 1-январында 4 өрт кырсыгы катталып, 200 миң сомдон ашуун чыгым болгон. Быйыл да мына ушундай окуялар орун албашы үчүн биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», - дейт А.Багишев.

Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан быйылкы жаңы жыл майрамын тосуу иш-чараларына шаар казынасынан 440 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×