Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.12.2018 10:39

Жалал-Абадда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2018-жылдын 24-декабрь күнү саат 06:17де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарында 2-3 баллга, Арал айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×