Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.12.2018 15:35

Жалал-Абадда алыс жолго чыккан унаалардын дөңгөлөктөрү текшерилди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жол көзөмөлдөөчүлөр аба-ырайынын кескин түрдө өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу алыска жолго чыккан унаалардын дөңгөлөктөрүн текшерүүгө алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалым болгондой, жол көзөмөлдөөчүлөр Жалал-Абаддан Бишкек шаарына жана райондор аралык такси кызматындагы ошондой эле эл ташуучу каттамдардын айдоочулары менен жолугушуп, жол коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Алыскы жолго чыгууда унаанын техникалык абалына маани берип чыгууну да эскертишүүдө.

«Эгер Бишкек шаарына каттаган айдоочулардын унаасынын дөңгөлөктөрү кышкы мезгилге ылайык болбосо, жолдогу коопсуздук үчүн ЖКККБнын Бишкек—Ош жолундагы «Чычкан» постунан кайтарылат. Ушул жагдайды да айтып түшүндүрдүк», - дейт А. Сатыбалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×