Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.12.2018 09:29

Жалал-Абаддын Төш-Кутчу айылында 4,4 млн сомго спорт зал курулду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарына караштуу Төш-Кутчу айылындагы №11 Адамбай Калешов атындагы орто мектепке жаңы спорт зал курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, окуучулар дене тарбия сабагын жазында сыртта, кышында класстарда өтүп келишкен эле.

«Мектеп курулгандан бери, спорттук зал жок болчу. Курулуш иши 15-июлда башталып, ага жалпы 4 млн 400 миң сомдон ашык каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн. Эми курулушу аяктап, окуучулар үчүн жаңы жылдык белек болду.

Алдыда Жеңиш кичи шаарчасына 50 орундуу сметалык баасы 24 млн сомго бала бакча куруу пландалууда. Төш-Кутчу айылына 100 орундуу бала бакча куруу үчүн 4 млн сомдон ашык акчага бөлүндү. Аларды 2019-жылы бүтүрүп, ишке беребиз», - дейт шаар мэри М.Тагаев.

Мындан сырткары, ал 2019-жылы шаар бюджетинен 100 млн сомдон ашык каражат социалдык объектилердин курулушуна бөлүп берилерин кошумчалады.

№11 Адамбай Калешов атындагы орто мектеп 1938-жылы курулган. Имараттын эскилиги жеткен соң 2007-жылы бир кабаттуу имарат курулуп берилген, учурда мектепте 500гө жакын окуучу билим алат.

Жалал-Абад шаарында 20 мектеп, 22 бала бакча бар болсо алардын ичинен 6 мектептин спорт залдары жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×