Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.12.2018 12:39 На русском

Жалал-абаддык 72 жаштагы У.Турдуева мэрдин үстүнөн арыз жазды. Мэрдин жообу (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 72 жаштагы тургуну Урниса Турдуева Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин үстүнөн арызданып, прокуратурага кайрылды. Жергиликтүү жашоочу шар мэри иш бөлмөсүнөн аны күч колдонуп чыгарып койгондугуна нааразы болууда. Ал эми мэр ага кол көтөрбөгөндүгүн айтууда.

19-декабрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйынында Жалал-Абад шаарынын мэри жергиликтүү тургунга орой мамиле жасагандыгы боюнча суроо узатылган. Анда, президент окуянын чоо-жайы териштирилээрин, эгер улуу адамга андай мамиле жасалса мыйзам чегинде жооп берээрин айткан болчу. Мындан улам аймактык кабарчы окуянын чоо-жайына кызыгып көрдү.

Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйдүн тургуну Урниса Турдуева 53 жылдан бери шаарда жашап келет. Ал Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында 23 жыл эмгектенген. Союз мезгилинде үйү жок кезекте турган мугалимдердин катарында туруп, 1981-жылы дал ушул батирге ээ болгон. Ошол жылдан бери бир бөлмөлүү үйдө жашап келет. Кезегинде өлкөдөгү төңкөрүштөргө эл үчүн чыкканында да бийлик өкүлдөрүнөн кордук көрбөгөнүн белгилеген апа, азыркы шаар бийлигине нааразычылыгы күч экенин айтты.

«Мен азыркы мэр Мураталы Тагаев шаардык кеңеште төрага болуп турганда эки шаар тургундун көйгөйүн айтып кирдим. Алардын көйгөйүн айтып болгондо «эмнеге кирдиңиз?» деди эле ачуум келип, «атаңдын чокусуна келдим» деп жооп бергенмин. Ошону менен айтышып чыгып кеткенмин.

Кыш жакындаганда үйүмдөгү газплитадан газ чыга бергендиктен ошону алмаштырып беришсе, анан ушул үйдө даараткана маселесин чечип берүүнү суранып, мэрдин атына кат жазганмын. Анан 28-ноябрда өзүм мэрге бардым, иш бөлмөсүнө киргенде эле ал мени «бар, чык!» деди. Колумдан жетелеп жөнөдү. Мен «кадыр барктуу мекемеге келдим, чыкпаймын» деп каршылык көрсөттүм. Дагы эки эркек адам пайда боло калышып, үчөөлөп мени сыртка чыгарып коюшту. Ыза болуп келдим. Прокуратурада иштеген кызматкерге айтсам, арыз жазыңыз деди. 4-декабрь күнү шаардык прокуратурага мэрдин үстүнөн арыз жаздым. Колум ооруйт, ооруканага кайрылдым, көрсө колум ошондо чоюлуп калыптыр», - дейт Урниса Турдуева.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев улуу адамга кол көтөрүп, мэриянын имаратынан чыгарып коюуга абийри жол бербей турганын, анын айткандары жалган жалаа экенин билдирди.

Мэрдин айтымында, ырасында Урниса апа ага жеке маселеси менен келген, бирок ал жыйынга шашып бара жаткандыктан арыз жазып таштап кетүүсүн айтып, аны социалдык маселелер боюнча орун басары узатып койгон.

«Сиздер билесиздер шаардык мэриянын кире беришинде шардын мэри жуманын төртүнчү күнү жарандарды кабыл алаары боюнча жазылып турат. Ошентсе да ар күнү кайрылгандарды кабыл алууга аракет жасап жатам. Бирок менин үстүмдөн кайрылган эжени жакшы тааныбайт экенмин. Бүгүн массалык маалымат каражаттары аркылуу ал прокуратурага арыз жазганын билип олтурам. Эгер күнөөм болсо жооп бергенге даярмын. Бирок биз бир нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Бир күндө 100дөгөн тургундарды кабыл алууга туура келет. Күндө эле жеке жарандарды кабыл алып олтура берүү да болбойт. Түшкө чейин иште болсом, түштөн кийин курулуш иштерине чыгып кетишим мүмкүн. Эми биздин жумуш көп тармактуу түйшүк да. Ал эми бизге кайрылган эже мага чейин 1-орун басарыма да кирип чыккан экен. Эженин жеке маселеси «үйүмө газ плита сатып бергиле» деп келген экен. Мага келгенде мен кабыл алганмын. Бирок жыйынга шашып жаткандыктан «эже кандай гана арызыңыз болсо жеке маселесиңиз болсо мэриянын биринчи кабатында бирдиктүү терезе деген бар. Ошол жерге арызыңызды таштап кетиңиз. Мыйзамгы ылайык 14 күн ичинде жооп беребиз» деген жообум болгон. Эмоцияга алдырып, ар кандай сөздөрдү айтып, жеке беделге акаарат сөздөрдү айтып кирди.

Мага орун басарым Руслан Алтымышов кирип калып, ал да ар кандай ачуу сөздөрүнө туура мамиле жасап, узатып койгон. Мен жыйынга кирип кеткенмин. Төрага мезгилимде кайрылганы эсимде жок. Көптөгөн адамдар кайрылат, эстеп калуу кыйын. Анан бөлмөдө эже айткандай терс мамиле жасабайм», - дейт мэр.

Урниса апаны узатып койгон Руслан Алтымышов мэрияда аны сыртка түрткүлөп чыгарып коюу болбогонун, туура түшүнүү менен мамиле жасалгандыгын билдирүүдө.

Буга чейин дал ушул жооптуу кызматтарда иштеп кеткен жетекчинин бири Фейсбук баракчасына мэр менен жашоочунун ортосундагы пикир келишпестик боюнча өз ой пикирин жазган. Ал ысымы аталып жаткан жашоочу дайым бийлик өкүлдөрүнүн шаштысын алып келгендигин айтып, арызчыл адамдардын катарына кошту.

Урниса Турдуева эл үчүн күйүп-бышып келээрин, ошондуктан А.Акаевге, К.Бакиевге каршы чыккандыгын, төңкөрүштөргө катышып келээрин белгилеп кеткен эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×