Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.12.2018 09:48 На русском

Жалал-Абадда темир жол станциясы тосмолонгон соң окуучулардын мектепке баруу жолу узарды. Жетекчилер эмне дейт? (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында темир жол станциясы тосмолонгондон бери шаардагы Ч.Айтматов аймактык башкармалыгынын Темир жол көчөсүндөгү мектеп окуучуларынын сабакка баруу жолу узарды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын тургуну Улукбек Каримов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин окуучулар темир жолду кесип өтүп, ары-бери каттап келишкен болсо, эми тосмону айланып, мектепке 2 чакырымдан ашык алыстыкта каттап жатышат. Окуучулар менен катар жашоочулар да Жалал-Абад темир жол бекетинин айланасы зым тосмолор менен тосулган күндөн тартып түйшүккө кабылган.

«Буга чейин биздин айылдын окуучулары темир жолду аралап өтүп мектепке барышчу. Ал бекеттин айланасы тосулгандыгына байланыштуу зым тосмолордон ашып өтө албай, базарларды аралап, 2 чакырымдан ашуун жолдо жөө каттап жатышат. Ал эми ары-бери каттаган тургундарга да кыйынчылык жаралды.

Кыштын күнү таңда шаардагы «Береке», «Шабдалы зар» базарлары да жабык болуп, окуучулар башка жолдор менен каттоого аргасыз болуп жатышат. Биздин айылдыктар темир жол аркылуу жөө адамдар өтө турган эшик ачып берүүнү өтүнүп жатышат. Эгерде коопсуздукка байланыштуу тосулган болсо шаардык мэрия биздин айылга да мектеп, бала бакча куруп берсин же болбосо атайын окуучулар үчүн коомдук транспорт каттатып беришсе жакшы болот эле», - дейт жергиликтүү жашоочу У. Каримов.

Жалал-Абад темир жол авто бекетинин жетекчиси Шералы Турсункулов бажы биримдигинин табалына ылайык темир жол станциялары жаңы тартипте иштөөгө өтүп жаткандыгына байланыштуу калктуу конуштарга чектөөлөр киргизилип жатканын айтат.

«ЕАЭБдын талаптарына ылайык Жалал-Абад темир жол бекетинин 7 гектар аянтын зым тосмолор менен курчалып, ошол эле аянтка 36 байкоочу камералар жана негизги темир жолго жүктүн салмагын билүүчү таразалар орнотулду. Мунун баары бажы биримдигинин талаптарына шайкеш келтирүү максатында биримдик бөлгөн каражатка курулуп жатат. Темир жолдун айланасына зым тосмолор тартылган соң, жергиликтүү жашоочулардан нааразычылыктар болуп жатат. Бирок биз аларга түшүндүрүп жатабыз.

Негизи темир жолдун айланасында коопсуздук эрежелери сакталышы керек. Кара-Суу бекетинде жакында эле 5-класстын окуучусу темир жолдун жанында топ тээп ойноп жатып, кокустук болуп буту кесилди. Буга чейин да 2007-жылдары Шамалды-Сайда темир жол линиясынын жээгинде жүргөн окуучуну поезд сүзүп кеткен бир учур катталган. Ушул сыяктуу кырсык орун албасын деген максат болууда», - дейт Ш.Турсункулов.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Майрамбек Адылбековдун пикиринде, аталган аймакка мектеп же бала бакча куруу зарылчылыгы жок.

«Ушул жылдын сентябрь айында Темир жол көчөсүнө жакын жайгашкан 275 балага ылайыкташкан №6 орто мектептин имаратын колдонууга бердик. Ошол эле участкада №21 бала бакча бар, мындан сырткары Дача участкасына дагы жаңы бала бакча курулуш иштери башталуу алдында турат. Негизи мындагы жашоочуларга мектеп же бала бакча куруунун зарылчылыгы жок. Биз үчүн биринчи орунда жашоочулардын коопсуздугу. Мисалы жакында эле Кара-Суу районунда 5-класстын окуучусу катышкан кайгылуу окуя болду. Ушул сыяктуу кайгылуу окуянын жүз беришин каалабайбыз», - дейт вице-мэр.

Шаардагы №7 А.Усманов атындагы мектепте 1400дөн ашуун окуучу билим алса, анын 300дөн ашууну темир жол бекети аркылуу мектепке келишчү. Учурда темир жолдун айланасы тосулуп, окуучулар сабакка кечигип келип жатканы менен бул иштердин баары алардын копсуздугу үчүн болуп жаткандыгын аталган мектептин директору Зарифа Абидова билдирди.

«Акыркы 1,5 айдан бери темир жол бекетинин айланасы зым тосмолор менен курчалгандыгына байланыштуу, бизге келчү окуучулар «Береке» базары тараптан айланып келишип жатышат. Албетте, эртең менен сменде окуган окуучулар сабактарга бир аз кечигип ыңгайсыздыктар жаралууда. Буга чейин ата-энелер да келишип, жолдун алыстыгын, окуучулар айланып келип жатышкандыгын айтышты, бирок биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Негизи эртең мененки суукта окуучуларга кыйын болуп жатат, атайын маршрутка каттатып койсо жакшы болмок же темир жолдун үстүнөн көпүрө салып беришсе жакшы болмок», - деди З.Абидова.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компания мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүндө 7 темир жол бекети бар. Алар: Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай, Кара-Суу, Кашкар-Кыштак, Ош жана Кызыл-Кыя бекеттери. Негизинен темир жолдордо учурда жүктөр, көмүр, нефти продукциялары Россия, Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнө ташылып, алынып келинет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×