Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.12.2018 12:28

Жалал-Абаддагы жасалгалоо: 28 метрлик балаты, жаныбарлардын инсталляциясы (видео, фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында биринчи жолу бийиктиги 28 метр (жылдызча менен чогуу) болуп орнотулган жасалма арча, көк майсандан жасалган түрдүү жаныбарлардын образдары чагылдырылган эко-инсталляция борбордук аянтка көрк берип, бул жайга келгендердин саны арбын болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, Эркиндик аянтында орнотулган балаты жана шаардын жасалгасы элге жагып, түн бир оокумга чейин да сүрөткө түшкөндөрдүн саны азая элек. Шаардыктар жана район-шаарлардан келген меймандар да борбордук аянттагы жана сейил бактагы жаңы жылдык жасалгалоо өзгөчө болгонун белгилешүүдө.

Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин башчысы Саид Жакыповдун айтымында, жаңы жыл майрамына карата шаарды көрктөндүрүү жана балатыны кооздоо үчүн шаар бюджетинен 2 миллион 300 миң сом каралып, тендер жарыяланган. Андан «Турат-Дизайн» ЖЧКсы утуп, балаты орнотуу жоопкерчилигин өзүнө алган. 1,5 миллион сомго балаты орнотулуп, Эркиндик аянты жасалгаланды. Калган 800 миң сомго шаардагы сейил бактар, көчөлөр кооздолду.

«Ырасында шаарда биринчи жолу бийик жана жасалма балаты орнотулду. Анын айланасында 12 жаныбардын элеси түшүрүлгөн. Бул балатыны дагы 7-8 жыл колдонууга болот, шаар бюджетине үнөмдүү болот экен. Анан да экологияга пайдасы тийген кадам болду», - дейт ал.

Буга чейин балаты 2 миңге жакын элдин катышуусунда жандырылып, шаар мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошов катышып, жылуу пикирин билдирген болчу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×