Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.12.2018 16:22 На русском

Жалал-Абадда милиционерлер үчүн ден соолукту калыбына келтирүү борбору ачылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери үчүн ден соолукту калыбына келтирүү борбору ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Ачылышка ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев, ОИИБдин башчысы Кылычбек Жолдошов катышты.

Маалым болгондой, ИИМдин медицина башкармасынын Жалал-Абад облусу боюнча медицина кызматынын аймактар аралык дарылоо, калыбына келтирүү борбору биринчи жолу ачылды. 10 койкага ылайыкташкан борбордун кызматынан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери пайдалана алышат.

Бүгүн аталган борбор биринчи жолу ардагерлерди кабыл ала баштады. Буга мейин ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча медицина кызматында амбулатордук жардам гана берилип келсе, эми дарыланууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле ИИМдин медицина кызматынын имараты оңдолуп, ашканасында шарт түзүлгөн.

Министр К.Жунушалиев борбор максаттуу иштешине тилектеш экенин билдирип, ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×