Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.12.2018 11:12 На русском

Жалал-абаддык усталар «Матизди» электр менен жүрүүгө ылайыктап жасашты (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында эки уста «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаанын тетиктерин электр тогу менен жүрүүгө ылайыкташтырып кураштырышты. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Унааны кураштырган уста Ысмайыл Валиев менен «Матиз» унаасын устага ишенип берип, көмөктөшкөн Жумадыл Мавлянов экөө биринчи жолу электромобиль менен 80 чакырымдан ашык аралыкка жүрүшүп, сыноодон өткөрүштү. Бул аралыкты алар 6 сом менен гана айланып келишкен. Ага чейин да Ысмайыл электромобиль менен Сузак районуна барып, жалпы 34 чакырым жол жүрүп келген. Бул үчүн ал 3 сом короткон.

Унаа кураштырылгандан бери сыноого кыска аралыкка айдап отурушуп, бүгүнкү күнгө чейин 1000 чакырымдан ашуун жолду басышты. Бул үчүн кубаттоого кеткен электр энергиясын сомго айландырганда 250 сомду түзгөн. Айтор, экөө күткөндөй жыйынтык бергенине кубанып турушат.

Ысмайыл Валиев 30 жылдан бери түрдүү унааларды оңдоп, устачылык менен алектенет. Унаалардын тилин жакшы билген уста көптөн бери электр тогу менен жүргөн унааларга кызыгып келген. Алгач ал өзүнүн «Тико» унаасын электр тогу менен жүрүүгө ийгиликтүү ылайыкташтырган. Эми экинчи жолу «Матиз» унаанын бензин кыймылдаткычын алып таштап, ордуна электрдик кыймылдаткыч жана кубаттуу аккумулятор койду. Бул унаанын тетиктерин алмаштыруу үчүн интернет дүкөн аркылуу Кытайдан атайын тетиктерди алдырышкан.

«Алгач өзүм жасаган «Тикону» шаар ичинде 1,5 жылдай айдап жүрдүм. Аккумуляторду жакшы түшүнбөгөн адамдар алып келген үчүн менде тандоо жоктугунан макул болуп коюп салгам. 1,5 жыл ичинде ал алдырган аккумулятор иштебей калды. Мындан улам ал унааны токтотуп койгонума 2 жылдан ашып калды. Быйыл мага Жумадыл "унаамды электр тогу менен жүрүүгө өткөрүп берсеңиз" деп сунуштап калды. Интернет аркылуу Кытайдан тетиктерди алдырдык. Бир аптанын ичинде кураштырып бүттүк. 3 саат кубаттап алып, 100 чакырымга чейин жол жүрүүгө болот. 100 чакырым үчүн 10 сомдук электр энергиясы сарпталат. Азыркы биз койгон аккумуляторду 6 жылга кепилдик менен берди. Ылдамдыгы 80ге чыгат, күчтүүлүгү да жакшы. Шаар ичинде жүрүүгө жакшы жана ыңгайлуу. Биринчи жолу тийиштүү жабдыктарынын баары алмашкан, жакшы унаа болду», - деди ал.

Алардын ырастоолорунда, эми алар «ДЭУ Дамас» унаасын жана бир кичи автобусту дагы сыноо иретинде электр тогу менен жүрүүгө өткөрүүнү пландап жатышат.

Ал эми Жумадыл Мавляновдун айтымында, ал устага ишеним арткан жана өзү да жаш кезинен бери техникага жакын, ага көптөн бери кызыгып келген.

«Мен көптөн бери электр тогу менен жүрүүчү унааларга кызыгып жүрөм. Анын күнүмдүк турмушка өтө зарылдыгы бар деп эсептейм. Заводдон чыккан унаалар бар, алар өтө кымбат. Биздин элдин капчыгына туура келбесе керек. Оюмду Ысмайыл акеге айтсам колдоду.

Интернет аркылуу буюртма берип, бир айда Кытайдан жабдыктар алынып келди. Бензин кыймылдаткычын чыгарып алып, ордуна электр кыймылдаткычы фланец плитасы аркылуу орнотулду. Андан соң көзөмөлдөгүч менен аккумулятор туташтырылды. Аккумулятор бензин куюлуучу бактын ордуна коюлуп, бири электр кыймылдаткычынын үстүңкү бөлүгүнө орнотулду. Кубаттагычы болсо багаж бөлүгүнө жайгаштырылган.

Жыйынтыгында «Матиз» унаасынын мурунку салмагы сакталып калды. Механикалык КП ордунда калганы менен, ал автомат КП сыяктуу да колдонулат. Унаадагы "сцепление" жок болсо да жүрүп баратып ылдамдыкты кол менен өзгөртүүгө болот. Унааны алмаштырууга көп каражат кетти, бирок жыйынтыгы жакшы болгонуна сүйүндүм», - деди ал.

Анын айтымында, бул унаа карапайым калк үчүн абдан үнөмдүүлүгү менен ыңгайлуу.

«Электр энергиясы менен жүрүүгө өткөрүү жөнүндө документтерге сыноо мөөнөтүндө жүргөнүбүзгө байланыштуу азырынча каттоого бара элекпиз. Өкмөттөн каттоо жаатындагы иштерди жеңил кылып берсе деп өтүнөм. Ушул ишибиз аркылуу шаарыбыздын абасы бир топ тазарып, жүздөгөн жумуш орундары камсыз болооруна толук көзүбүз жетип турат. Электр унаасын күнүмдүк жашоодо колдонуу коопсуз жана толук пайдалуу экенине дүйнө элдери күбө.

Мисалы Орусиянын Владивосток облусунда эски япон унааларын алып чыгып, электр энергиясына өткөрүп, Индия сыяктуу өлкөлөргө сатууга уруксат алышты. Бизде да ошол сыяктуу иштерди уюштурууга колдоо болсо жакшы болмок», - дейт Жумадыл.

Усталар унаа алар күткөндөй жемишин берсе Кытай Эл Республикасына виза ачтырып, өздөрү каалагандай тетиктерди алып келүүнү ойлонуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×