Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.12.2018 22:44

Жалал-Абаддагы сынакта мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар муңдуу ырлары менен көрүүчүлөрдү ыйлатты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында «Соолубасын үмүттөр» кароо-сынагы өтүп, алардын муңдуу ырлары, жашоолорундагы кыйын күндөрдү сахналаштырган сценкалары көрүүчүлөрдүн көздөрүнөн жаш агызып, кол чабуулары менен коштолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Бирдиктүү багыт» облустук майыптар коомдук юридикалык бирикмелер ассоциациясы тарабынан уюштурулуп келген сынактын облустук туру өттү.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Ислам Масабиров, социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, «Бирдиктүү багыт» ассоциациясынын төрайымы Жумакан Жаркулова жана Кызыл ай коомунун өкүлдөрү сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.

Бул кароо-сынактын облустук туруна өкүлчүлүктүн аппараты тарабынан 80 миң сом бөлүнгөн. Мында буга чейин район-шаарлар арасында өткөн сынакта алдыңкы орунга чыккандар ат салышты. Тактап айтканда, 65 катышуучу өздөрүн ар тараптан өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Сынак башталганга чейин кол өнөрчүлүк, устачылык менен алектенген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эмгектери көргөзмөгө коюлду.

«Баркыңды билбесе да, билсе дагы,

Жүрөктү көңүл кош тилсе дагы.

Майыптар да өлкө үчүн салым кошот,

Мейли алар бир жупуну кийсе дагы», деген ураан менен катышуучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алар жандуу бирок муңдуу ырларды ырдашты.

Кочкор-Ата шаарынан келген Арстаналы уулу Жоомарттын темир манежде туруп, Сыймык Бейшекеевдин «Жакшы сөз айтчы мага» аталышындагы ырды ырдоосу көпчүлүктүн көзүнө жаш алдырды. Катышуучулар тарабынан обон созуудан сырткары элдик дастандардан, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышса, айрымдары бийлешсе, кээ бирлери Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты. Ошондой эле өздөрүнүн жашоо-турмушун чагылдырган, көкүрөктөрүндө жаткан ыйды «Тирүү көздөр» сыяктуу сахналык көрүнүш аркылуу элге жеткиришти.

Жыйынтыгында активдүү катышкандардын баарына өкүлчүлүк бөлгөн каражат бөлүштүрүлүп берилди жана Кызыл Ай коому тарабынан баалуу белектер, жылуу кийим-кечелер берилди.

«Биздин негизги максатыбыз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы талантууларды элге алып чыгуу, аларга дем берүү болуп саналат. Ырчылардын үндөрүнөн кем эмес обон созгон катышуучуларыбыз бар. Жер-жерлерде өткөн турга катышкандарга Кызыл Ай коому өздөрүнүн баалуу белектерин берип келишти. Өкмөттүн өкүлү «Соолубасын үмүттөр» сынагына жыл сайын колдоо көрсөтүп жатат. Биз арабыздагы талантуу инсандарды чоң сахнага алып барсак сонун болот эле», - дейт Жумакан Жаркулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×