Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.12.2018 08:56

Жалал-Абадда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 25 тонна көмүр таратылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Жылуулук тартуулаңыз» акциясынын алкагында жардамга муктаж, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берилди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, акциянын алкагында аз камсыз үй-бүлөлөрдүн ар бирине 500 килограммдан жалпы 25 тонна көмүр таратылды. Жакынкы күндөрү дагы 50 үй-бүлөгө 25 тонна көмүр таратуу пландалууда.

«Эгерде аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берүүнү кааласаңыз акцияга кошулуп, колдоо көрсөтүңүз», - дешет уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×