Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.12.2018 19:36 На русском

Ишкер кафесинде ичкен тамагынын акысын, карызын бербей жаткан милиционерге чара көрүүнү өтүнүүдө. Милиционер эмне дейт? (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ишкерлик менен алектенип жаткан Искандар Хамракулов ижарага алып иштеткен кафесине келип тамактанып, бирок бир нече жолу акысын төлөбөй, бир жыл мурун 1000 доллар карызга алган акчасын да бербей жаткан милиция кызматкерине чара көрүүнү суранып, өлкө башчыга, ИИМге, Башкы прокуратурага кат менен кайрылды. Бул тууралуу ишкер 12-декабрда АКИпресс – Жалал-Абад маалымат борборундагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 3 жыл мурун ижарага имарат алып, биринчи жолу кафе ачып иштетип баштаган. Кафеге Улан Бакиев аттуу милиция кызматкери дайыма келип турган. Аны менен кардар катары жакшы тааныш болуп калышкан. Бир жыл мурун кафеге келип, андан 1000 доллар карызга акча алып, бир айдын ичинде кайтарып бере турганын айткан. Андан бери бир жыл өтсө дагы карызын кайтарган эмес. Аргасы кеткен ишкер прокуратурага, ИИМге жана тийиштүү кызматтарга кайрыла турганын айтканда, милиция кызматкери бир апта ичинде карызын төлөй турганын убадалаган. Бирок ал Жалал-Абад ШИИБге барып, тескерисинче ишкер андан акча алып, бербей жатканы боюнча арыз жазып койгон.

«Мен кафени 3 жылдан бери иштетип келе жатам. Бизге ал кызматкерлерден башка деле укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишет, бири да көйгөй жаратпай эле тамактын акысын төлөп кетишет. Ишин ортого салып, маселе жаратышпайт. Бир гана ушул Улан деген милиция кызматкери көйгөй жаратты. Ал биринчи биздин туруктуу кардар болгондуктан жакшы тааныш болуп калганбыз. Бир жыл мурда ишине байланыштуу оор учурга кабылганын айтып, 1000 доллар карызга сурады. Мен Россияга саламаттыгыма байланыштуу бир аптага кеткенимде, кафеме 3-4 жолу келген экен. Кафедеги балдар мени Улан сурап жатканын айтышты, кийин өзү да байланышып калды. Мен Бишкек шаарына келип калгандыгымды айттым. Жалал-Абадга келээрим менен мага жолукту. Өзүнүн жагдайын айтып, сураган акчасын эки жолу 500 доллардан кылып бөлүп берип турдум. 1 айда кайтарып бермек, бир жыл болду. 2 ай өткөндөн кийин байланышып, карызымды сурай баштадым. Түрдүү жоопторду айтып коюп жатты. Ал WhatsApp аркылуу гана сүйлөшүп жатты, телефон чалсам албайт. 5 айдан кийин бир байланышсам бир аз кызуураак экен. Мени «Вотсапка кир» деди. Кирсем жөнөкөй кийимчен тапанча менен түшкөн сүрөтүн жиберип коюптур. Кайра өчүрүп салды. Айфондо дароо сакталып калаарын эске алган эмес окшойт. Кайрадан дароо байланыштым, «бул мени коркутуп жатканыңдын белгисиби?» десем, «Өзүң түшүнүп аласың» деп өчүрүп койду. Эртеси кызуу болгондуктан туура эмес сүйлөп койгонун айтып, кечирим сурады. Ошону менен дагы жок болуп кетти. 2,5 ай мурда дагы байланышканымда Сузак районуна которулуп келип калганын, жакында төлөп берээрин айтты. Анан кайрадан менин кафеме келе баштады.

Мурункуларын эмес 2,5 ай мурдагысы так эсимде бар. Бир жолу 800, экинчи жолу 400, кийин дагы 2750 сомго кафеде отуруп кеткен. Жалпы 3850 сомду түзүүдө. Кафедеги официант балдар «тамак ичип, акчасын бербей жатат» деп байланышып айтышты. Мен милиционерге «1000 долларды, тамагыңдын акчасын берип кет» деп дагы байланыштым. Ал үчүн бул акча эместир. Элди тейлеп иштеп жаткан кызматкерлер үчүн, биз үчүн 3850 сом акча. Күнүнө 100-200 сом үчүн иштеп жаткандар үчүн чоң акча. Жеген тамагынын акчасын төлөбөй, текеберленип жатканы ачуубузду келтирди», - дейт И.Хамракулов.

Анын ырастоосунда, бир жылдан бери карызын төлөбөй жаткан милиционер кайрадан дагы 3 миң доллар сураган.

«Бир күнү дагы байланышып, атамдын унаасы күрөөканада турат. 3 миң долларга коюлган, ушул суммада дагы тыйын берип турчу. Күрөөканадан чыгаары менен сенин карызыңдан кутулам. Сен деле унаа менен иш кылып жүрөсүң, кааласаң сатып жиберебиз деди. Карызымды өндүрүп алуу үчүн дагы макул болдум. Бирок анча акчаны туугандарымдан сураштырып таба алган жокмун. 10 күн мурун акча тапканымды айтып чакырттым. Антпесем келмек эмес. Анан акча таба албаганымды айтып, мурунку акчаны бер деп сурадым. Болбосо Башкы прокуратурага, ИИМге, тийиштүү тараптарга арыз жаза турганымды ачык эле айттым. Ойлоно түшүп, «бир аптада таап берем» деп кеткен. Бирок Жалал-Абад ШИИБге барып, «мага 3 миң доллар 25 миң сом карыз» деп менин үстүмдөн арыз жазып коюптур. Мен арыздана турганымды угуп, биринчи келип арыз жаза калыптыр. Акыйкаттык болушу керек да. Өлкө башчыга, ИИМге, башкы прокуратурага кайрылууга мажбур болдум», - деди ал.

Ишкердин ырастоосунда, карызга акча алганы боюнча көргөн күбөлөрү бар, алар да өз көрсөтмөлөрүн берип келишти. Тамактанып, акча төлөбөй кеткени боюнча дагы далилдүү фактылары бар.

Ал эми ысымы аталып жаткан милиция кызматкери У.Бакиев ишкер жалган маалымат бергендигин билдирди. Анын айтымында, анын ишкерге эч кандай карызы жок.

«Өзүнүн мага 3 миң доллар 25 миң сом карызы бар. Карызын төлөбөштүн амалын ойлоп жатат. Ошол үчүн милицияга кайрылдым, териштирүү жүрүүдө. Мага акча карыздыгы боюнча фактылар бар», - дейт ал.

Ал эми Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнөн эки тарап тең арыз менен кайрылгандыгын, учурда териштирүү иши жүрүп жатканын билдиришти.

Маалым болгондой, Жалал-Абад ОИИБде бул боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Кийинчерээк ИИМдин басма сөз кызматы аталган факты боюнча Ички тергөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Бул иш ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×