Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.12.2018 16:56

Жалал-Абадда курулуш базарындагы өрттөн 1,5 млн сомдон ашык чыгым болду, - жабырлануучулар (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Рахат» курулуш материалдар базарында чыккан өрттөн келтирилген материалдык чыгымдар эсептелүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы тийиштүү мекемелердин маалыматына таянуу менен билдирди.

Өрттүн кесепетинен чоң суммадагы материалдык чыгымга дуушар болгоно соодагерлердин айтымына караганда, 3 жыгач иштетүүчү цехтеги станоктордун ар бири 60 миң сомдон жогору турат. Мындагы үч цехте жалпысынан 9 станок иштетилип, элге эшик, рамка даярдалчу.

2006-жылдан бери жыгач иштетүүчү цехти ижарага алып, үй-бүлөсүн багып келе жаткан Шарабидин аттуу жарандын айтымында, ага түн бир оокумда базарда өрт чыкканы боюнча кабар түшкөн. Угаар замат келген, бирок ал келгенде цехин өрт каптап, күйүп бүтүп калган экен.

«5-декабрга бир кардарыма 60 миң сомдук эшик рамкаларды даярдап койгом. Андан сырткары дагы бир кардарымдын эшиктери даяр болгон. Жалпысынан 150 миң сомго эшик-терезелер даярдалган болчу, баары күйүп кетти. Мен өзүм 300 миң сомдон ашуун зыян тарттым. Мамлекет ишибизди кайрадан түптөөгө колдоо көрсөтсө жакшы болот эле. Мен майда-барат материалдарды кошкон жокмун», - дейт ал.

Жабырлануучулардын ырастоолорунда, азырынча күлгө айланган товарларын тазалоого уруксат боло элек. Эгер тийиштүү тараптар макулдугун берсе алар станокторун усталарга алып барып текшертип көрүшөт. Бирок алар буюмдарынын кайрадан иштешине ишенбей турушат. Ошондуктан кайрадан станокторду сатып алууга туура келээрин айтышууда. Алар ар бири материалдык чыгымдары боюнча эсептеп, тийиштүү тараптарга жазып беришкен. Жабырлануучулардын өз алдынча болжолдуу эсептөөлөрүндө өрттөн келтирилген чыгым 1,5 миллион сомдон жогору болууда.

«Жалпы 3 соодагер жабыркады. Курулуш материалдары сатылган 3 соода жайы күйдү, биринде жыгач эшик-терезелер үчүн материалдар бар болчу. Баары күйүп кетти. Эки соода түйүндө темирден жасалган буюмдар болчу. Алар толук күйбөсө да сапаты начарлап, формасын жоготту», - дешет жабырлануучулар.

Буга чейин 9-декабрга караган түнү «Рахат» курулуш материалдар базарында өрт чыккандыгы маалымдалган. Базардын түштүк-батыш тарабында болжолдуу аянты 350 чарчы метрди түзгөн 3 жыгач иштетүүчү цех, 3 курулуш материалдарды сатуучу соода жайы толугу менен күйгөн.

Жалал-Абад дубанында жыл башынан бери 14 соода жайларында өрт чыгып, келтирилген материалдык чыгым 21 миллион сомдон ашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×