Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.12.2018 13:20 На русском

Жалал-Абаддагы курулуш базары өрттөндү

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Ж.Шерматов көчөсүндө жайгашкан «Рахат» курулуш материалдар базарында өрт чыкты. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, өрт тууралуу маалымат 9-декабрга караган түнү саат 00:42 чамасында берилген.

Өрт толугу менен саат 03.00дө өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен курулуш материалдар базарынын түштүк-батыш тарабындагы жалпы 350 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Анын ичинде 3 жыгач иштетүүчү цех, 3 курулуш материалдарын сатуучу соода жайы толугу менен өрттөндү. Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгым такталып жатат.

«Буга чейин ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондук мамлекеттик администрацияларга жана мэрияларына, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 4 аймактык башкармалыктарына өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүү жана коопсуздугун камсыздоо боюнча эскертүү берилген. Азыркы учурда өрт кырсыктарын алдын алуу максатында башкармалык тарабынан базарларда, ири соода жайларында өрт өчүрүү боюнча тактикалык машыгууларды өткөрүү пландалып жатат», - деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×