Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.12.2018 09:05

Жалал-Абаддагы «ТВ театр» сынагын чаткалдык маданият кызматкерлери жеңип алышты (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абадда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «ТВ театр» сынагы жыйынтыкталып, улуу жазуучунун «Бетме-бет» чыгармасын сахналаштырган Чаткал районунун маданият кызматкерлери баш байгеге ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 10-декабрда Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында улуу жазуучунун чыгармалары даңазаланган облустук деңгээлдеги долбоордун жыйынтыгы чыгарылды. Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы И.Масабиров, Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясынын директору Союзбек Абдрасулов жана аким-мэрлер катышты. Долбоор өкүлчүлүктүн аппаратынын колдоосу жана аталган телерадиокомпаниянын демилгеси менен жүзөгө ашкан.

Анда ар бир район-шаарлардагы маданият кызматкерлери Ч.Айтматовдун чыгармаларын аткарып, сентябрь айынан тарта эфирге берилип баштаган. Жыйынтыгында Чаткал районунун маданият өкүлдөрү сахналаштырган «Бетме-бет» чыгармасы баш байгени алып, 30 миң сом сыйлыкка ээ болушту. Ал эми 1-орунду Тогуз-Торо, 2-орунду Кара-Көл, 3-орунду Ноокен районунун таланттары ээлеп, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата облуста түрдүү саамалыктар өтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×