Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.11.2018 14:34

Жалал-Абаддагы окуучуларга түндө жарык берүүчү ленталар таратылды (лента)

Turmush -  Жалал-Абадда жол көзөмөлдөөчүлөр окуучулардын ата-энелерине түндөсү жарык берүүчү ленталарды таратышты. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка караганда, Р.Азимова мектебинде «Балдар — өмүр гүлү» деген аталышта акция болуп өттү. Анын алкагында жаш балдар катышкан жол кырсыктарды алдын алуу жана ошондой эле жоюу жолдору айтылды.

«Жалал-Абад шаарынын бардык мектептеринин башталгыч класстардын мугалимдери жана ата-энелери чогулду. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ата-энелердин сунуштарын угуп, «Ата-энелерге кеңеш» аттуу китепчелерди, түндөсү жарык берүүчү ленталарды таркатышты. Ленталарды колдонуу жолдорун көрсөтүп беришти», - деди Сатыбалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×