Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.11.2018 11:35

Жалал-Абаддагы бала бакчалардын тарбиячыларынын квалификациясы текшерилет

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы бала бакчаларда эмгектенип жаткан кызматкерлердин квалификациясын текшерип чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков билдирди.

Анын айтымында, шаардагы бала бакчада орун алган жагдай боюнча да мэрия реакция жасады.

«Бүгүн мэр бала бакчалардагы иштерге мониторинг жасоо боюнча буйрук чыгарды. Бала бакчаларда иштеп жаткан кызматкерлердин квалификациясын текшерип чыгуу боюнча 5 адамдан турган комиссия түзүлдү. Алар жеринде иш алып барышат. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Соцтармактарга видеосу чыгып кеткен тарбиячылар жумуштарынан бошотулду», - деди Адылбеков.

Интернет желесине тараган видео боюнча укук коргоо органдарын өз баасын берет.

Фото, видео — Жалал-Абадда бала бакчадагы балдарды урган делген тарбиячы иштен алынды. Ата-энелер эмне дейт?

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×