Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.11.2018 22:50

Көчмөндөр оюндарына Жалал-Абаддын атынан активдүү катышкандар сыйланды (фото)

Turmush -  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Жалал-Абад облусунун атынан активдүү катышкан адамдар сыйланды.

Маалыматка караганда, «Көчмөндөр жаңырыгы» сынактарына катышып, байгелүү орундуу ээлегендерге жана активдүү катышкан райондук мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын, айыл аймактаржын, мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө жана өнөр ээлерине дипломдор, ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлыктарды өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү кыянбек Сатыбалдиев тапшырып, кыргыз элинин тарыхын даңазалаган саамалыкта активдүү катышкандарга ыраазычылык билдирди.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Жалал-Абад облусу ордого 22 боз үй тигип, кароо-сынактардын жыйынтыгы менен 12 номинацияга ээ болгон. Жалал-Абад дубанына ошол номинацияларга жетишкен командаларга жана активдүү катышкандар үчүн жалпысынан 540 миң сом акчалай сыйлыктар бөлүнгөн. Ал каражат мекеме өкүлдөрүнө тапшырылды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргыз мамлекетинин эл аралык деңгээлдеги эң ири долбоору. Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы кыргыз өкмөтү тарабынан демилгеленген. Ал эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 2-сентябрында өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×