Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.11.2018 08:41

Жалал-Абадда бала бакчадагы тарбиячы балдарга орой мамиле жасагандыгы боюнча кылмыш иши козголду

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы бала бакчада тарбиячынын балдарга кыйкырып, аларга кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-ноябрда Жалал-Абад шаарынын тургуну Дилфуза Жаратова 3 жаштагы кызын шаардагы №21 бала бакчадагы тарбиячы уруп койгондугун билдирип, ШИИБге арыз менен кайрылган.

«Арыз денеге залал келтирүү фактысы катары катталып, бала бакчада иштеген тарбиячынын өздүгү такталды. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси менен (жашы жетпеген балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) кылмыш иши козголду. Учурда Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарындагы бала бакчада тарбиячы балдарга кыйкырып, аларга кол көтөрүп жаткандыгы тууралуу видео тараган.

Андан кийин Жалал-Абад шаарында айрым ата-энелер балдарга кол көтөргөн №21 бала бакчанын тарбиячысына карата чара көрүүнү талап кылышкан.

Ата-энелердин бири Диля Шарапованын айтымында, ал кызынын денесинен көк ала тактарды көргөн.

«Мен дайыма жумушта болгондуктан кызымды шаардагы №21 бала бакчага тапшырып кетем. Бир күнү кызымды адаттагыдай бакчага таштап кетип жатсам, тарбиячынын Мубина деген жардамчысы: «Эже, бул жерде балдарды кордошот экен, айрымдарын тарбиячы уруп, чымчып салат», деди. Бирок мен анын сөзүнө маани берген эмесмин. Бир күнү бала бакчадан келген кызымдын кийимдерин которуп жатсам, жамбаштары көгөрүп калганын көрдүм. Кийин бети, кулагы көгөрүп келди. Ошондо да шоктук кылса урушуп койгондур деп ойлогом.

Бакчага дагы барсам, «кызыңыз парданы жылдырганда тарбиячы анын тизелерин чымчып салды, кызыңыз ыйлап жиберди» деп айтышкандыктан, мен эгер дагы бир жолу балдарды урса, видеого тартып берүүнү өтүндүм. Ошентип, мага балдарды сабап жаткан видеону тартып жөнөтүштү. Ал видео интернетке тарап кетиптир. Ошондон бери кызым эртең менен бакчага барбайм деп ыйлап жатат. Балдарга кол көтөргөн тарбиячыга карата мыйзам чегинде чара көрүлсүн», - дейт нааразы болгон Диля Шарапова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×