Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.11.2018 12:05 На русском

Жалал-Абадда бала бакчадагы тарбиячы балдарды уруп жатат деген эне милицияга кайрылды (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында бала бакчадагы балдарга кол көтөргөн тарбиячынын үстүнөн милицияга арыз жазылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 21-ноябрда Жалал-Абад шаарынын тургуну Дилфуза Жаратова милицияга арыз менен кайрылып, өзүнүн 3 жаштагы кызын шаардагы №21 бала бакчанын тарбиячысы уруп койгондугун билдирген.

«Арыздын негизинде 29 жаштагы тарбиячы такталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарындагы бала бакчада тарбиячы балдарга кыйкырып, аларга кол көтөрүп жаткандыгы тууралуу видео тараган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×