Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.11.2018 09:29 На русском

Фото — Жалал-Абад шаардык музейинде сакталган экспонаттар

Turmush -  Жалал-Абад шаардык музейине акыркы жолу 2013-жылы экспонат алынган. Андан бери баалуу эстеликтер жаңыра элек. Бул тууралуу Жалал-Абд шардык музейинин жетекчиси Венера Мусинова билдирди.

Анын айтымында, музейде учурда 6 миңдей экспонат коюлган, алардын айрымдары 5-8-кылымдарга таандык.

«Учурда музейде биздин заманга чейинки тарыхты сүрөттөп турган экспонаттар — 10-11-кылымга таандык аскерлердин темир сооттары, байыркы кол өнөрчүлүктүн нускалары жана археологиялык казылмалардын калдыктары орун алган. 17-18-кылымдарга таандык үтүктөр да бар. Бирок акыркы жылдары экспонаттарды жаңылоого акча каражаты бөлүнүп бериле элек. Ошентсе да биз тарыхый табылгаларды колдон келишинче жакшы сактоого аракеттенип жатабыз. Мисалы экспонаттарды бирдей температурада жана кургак жерде сактоо зарыл», - дейт Венера Мусинова.

Мындан сырткары, ал аталган тарыхый музейдин түзүлгөнүнө 40 жылдан ашуун убакыт болсо да бул жерге сырттан келгендердин саны аз экенин кошумчалады.

«Музейдеги көпчүлүк баалуу буюмдардын басымдуусун шаар тургундары алып келип беришкен. Мисалы, менин иштегениме 30 жылдын жүзү болду. Башында келгенде буюмдар дээрлик жок болчу. Азыр экспонаттардын саны бир топ көп. Ушул тарыхый буюмдарды көргөнү келгенге адамдар анчейин деле кызыктар эмес. Негизинен мында келгендердин басымдуусу студенттер жана окуучулар болуп саналат», - дейт ал.

Маалым болгондой, музейге жылына 15-20 адам тарых катары сакталып калсын деген ой менен өз каалоолору менен атайын буюмдарды тапшырып кетишет. Негизинен оромол, кыргыздын улуттук колориттеги кийимдерин өткөрүшөт. Былтыр жергиликтүү тургун 17-18-кылымдарга таандык кумураны тапшырып кеткен.

Жалал-Абад облусунда 9 тарыхый музей бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×