Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.11.2018 16:32

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы 3 райондун элинин көйгөйүн угууда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылычбек Жолдошов тоолуу Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорунда жергиликтүү калк менен жолугушууда. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу 20-ноябрда Чаткал районунун Терек-Сай айылынын маданият үйүндө өтүп, Чаткал районунун акими, администрация өкүлдөрү, Чаткал РИИБдин өздүк курамы, Кызыл-Токой, Терек-Сай айылынын эли катышты. Жыйында райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы аткарылган жумуштары тууралуу элге баяндама жасап, жарандардын суроолоруна жооптор узатылды. 2 саатка созулган жыйында социалдык маселелер, аймактагы чет элдик компаниялардын ишмердүүлүгү, алтын кен казуу иштери багытында суроолор түшүп, аким баш болуп, тиешелүү жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жооп беришти.

«Жалал-Абад ОИИБдин башчысы да бардык аракеттер мыйзам чегинде болушу керектигин эскертип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 21-ноябрда ОИИБдин башчысынын жолугушуусу Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясында уланууда», - деп билдирет басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×