Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.11.2018 13:39

Жалал-Абадда «Эне тил жана Ч.Айтматов» аттуу үч айлыктын жыйынтыгы чыкты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда Барпы атындагы облустук драма театрында 20-ноябрда «Эне тил жана Чыңгыз Айтматов» аттуу үч айлыктын жыйынтыктоочу иш-чарасы өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, облус-шаар башчыларынын орун басарлары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана 3 айлыкка активдүү катышкан аймактардан келген мугалимдер, студенттер жана окуучулар күбө болушту.

Катышуучу Бактыбү Медетбекованын айтымында, ал облустук иш-чарага Токтогул районунан келген.

«Биздин райондо Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар жыйынтыкталып, обондуу ырлардан Ч.Айтматовдун сөзүнөн жазылган «Ысык-Көл» деген ырды ырдадым. Жыйынтыгында 3-орунду алыптырмын. Эми облустук деңгээлдеги иш-чарага чакырышты», - деди Б.Медетбекова.

Иш-чарада сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, ага район, шаарлардан келген өкүлдөр катышты. Жыйынтыгында Базар-Коргон району 1-орунду алып, 6 миң сом менен сыйланды. 2-орунду Көк-Жаңгак шаарчасы алса, 3-орунду Сузак району ээледи.

«Облуста улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата түрдүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Жыл башынан бери облустук мамлекеттик телеканал менен биргеликте «Айтматов ааламы аймактарда» аттуу программа иштелип чыгып, коомчулукка тартууланды. Район-шаарларда жазуучунун 90 жылдык мааракеси белгиленди. Анткени Чыңгыз Айтматовдун ар бир жазган чыгармасы адамзаттын жан дүйнөсүнөн түнөк таап, адабият ааламына сүңгүтөт», - деди өкүлдүн орун басары.

Бул 3 айлыкка активдүү катышып, байгелүү орунду ээлегендерге өкүлчүлүктүн атынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарада Барпы атындагы облустук драма театрынын чыгармачыл жамааты тарабынан Ч.Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести сахналаштырылып көрсөтүлүп, Т.Тыныбеков атындагы филармониянын таланттары концерттик программа тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×