Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.11.2018 20:46

Жалал-Абадда ооруканага оор абалда түшкөн 15 бейтапка кантип жардам берилери машыгууда көрсөтүлдү (фото, видео)

Turmush -  Жер титирөөдөн жабыр тарткан 15 адам оор абалда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканага түштү. Мына ушундай көрүнүш өзгөчө кырдаал катталган учурда жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга ооруканага чейинки жана ооруканада жардам көрсөтүү боюнча өткөн машыгууда көрсөтүлдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигигинин буйругуна ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен бүгүн, 17-ноябрда облустук оорукананын базасында атайын окуу машыгуу болду.

Анда алгач жер титирөө учурунда жабыр тарткан адамдарды ӨКМдин кызматкерлери, Кызыл-Ай коомунун жардамчылары алып чыгышса, Тез жардам кызматынын кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, унаалары менен ооруканага жеткиришти. Оорукананын диспетчерлерине шашылыш кабар берилгендиктен, тийиштүү орун жана кызматкерлер толугу менен даярдалып, жабыркаган жарандарды кабыл алууга даяр турушкан. Келген бейтаптарды дароо кабыл алып, абалы боюнча бөлүштүрүлүп, оор бейтаптар кайра жандандыруу бөлүмүнө, калган бейтаптарга жеринде медициналык жардам көрсөтүлүп жатты.

Ошондой эле, салыштырмалуу жеңилирээк жаракат алган бейтаптар атайын даярдалган орунга жайгаштырылып, жеринде тийиштүү жардам берилди, психологдор да кеңешин берип жатышты.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Нурдин Эрматовдун айтымында, бул машыгуу ар кандай кырсыктарда дарыгерлердин бейтаптарга ыкчам жардам берүүсүн да жакшыртат.

«Бул окуу-машыгууну биздин борбор, облустук оорукана жана тез жардам кызматы биргеликте өткөрүп жатабыз. Бул саамалык медицина кызматкерлери үчүн да пайдалуу болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×