Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.11.2018 22:56 На русском

Жалал-Абаддагы мейманканадан 40 жаштагы аялдын денеси табылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы мейманкалардын бирине «эс алып алайын» деп кирген аял өз бөлмөсүндө каза болуп калган. Бул тууралуу маркумдун айылдаштары билдиришти.

Маалыматка караганда, аял Сузак районуна караштуу тоолуу айылдардын биринин Т.Т., аттуу тургуну болгон.

«Мейманкада бөлмөгө кирген бойдон өлүгү чыгыптыр. Ооруганбы билбейбиз. Эртеси эле жерге берилди, жакшы адам болчу», - дешет жердештери.

Ал эми мейманкананын администрациясынан 40 жаштагы аялдын өлүгү табылганы боюнча мындай деп билдиришти: «2018-жылдын 9-ноябрь күнү саат 8:30дар чамасында бир аял жалгыз өзү келди. Ал «эс алып алайын» деп бөлмө алды, ичимдик ичип алган экен. Эгер түнү келсе биз киргизмек эмеспиз. Анткени кеч ичимдик ичип алгандарды киргизүүдөн баш тартабыз. Түшкө чейин эс алып алат го деп ойлогонбуз. Кийин ал аял эртеси күнгө чейин узартты. 10-ноябрда саат 12ге чамалап, убактысы бүтүп калгандыктан биздикилер бөлмөнү ачышканда ал аял каза болуп калган экен. Биздин мейманканага келгендер бөлмөнү кулпулап, ачкычтарды кээде унутуп кетип калышат. Ошондуктан биз убакыт сааты келгенде өзүбүздөгү ачкычтар менен бөлмөлөрдү ачабыз. Мындай жаман окуя буга чейин бизде катталган эмес болчу».

Алар дароо тийиштүү тараптарга кабар беришкен.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан милиция иликтөө иштерин жүргүзгөн соң аял өз ажалы менен каза болгондугу аныкталганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×