Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.11.2018 13:22

Жалал-Абадда жол кырсыктан жабыркаган жарандардын өздүгү аныкталды (тизме)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жол кырсыктын кесепетинен жаракат алган жарандардын өздүгү аныкталды.

Облустук ооруканадан алынган маалыматка караганда, жол кырсыктан 5 адам жабыркап, 3 адам ооруканага түшкөн. Ал эми жеңил жаракат алган 2 адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ооруканага түшкөн жарандар:

- 1951-жылы туулган И.Ахрорхожа, Сузак районунун Таш-Булак айылынын тургуну. Ички органдары үзүлүп, бир нече жаракат алган. Оор абалда хирургия бөлүмүнө жаткырылган;

- 1952-жылы туулган Н.Тажикан, Сузак районунун Таш-Булак айылынын тургуну. Баш мээсинен жаракат алган. Абалы орто оор, нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган;

- 2003-жылы туулган Ш.Нуртилек, Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну, баш мээсинен жана буттарынын муундарынан жаракат алган. Ага амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Буга чейин маалымдалгандай, жол кырсык 15-ноябрда саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Жусупбек Бакиев жана А.Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда «Volsvagen Passat», «Volkswagen Golf 3» жана «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, бири оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 5 адам жабыркаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×