Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.11.2018 09:23

Жалал-Абадда журналисттер «Кош жылдыз» сынагында таймашат

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 6-ноябрда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү арасында «Кош жылдыз» сынагы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Алардын айтымдарында, сынак Аймактарды өнүктүрүү жылына, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана 7-ноябрь – Улуттук басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурулуп жатат.

Бул саамалык өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Кыргызстан журналисттер союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмү, «Акыйкат» коомдук саясий гезити менен биргеликте уюштурулуп, анда журналисттер күч сынашмакчы.

«Ч.Айтматовдун чыгармаларын кийинки муундарга мурас катары калтыруу жана аны даңазалоо, калкка кеңири жайылтууда массалык маалымат каражаттарынын орду өзгөчө. Мына ушул жагдай эске алынып, медиа кызматкерлеринин кесибине болгон шыгын арттыруу, Ч.Айтматовдун чыгармаларын кеңири жайылтуу үчүн уюштурулуп жатат», - дешет уюштуруучулар.

Кароо-сынакты өткөрүү үчүн өкүлчүлүк тарабынан 100 миң сом бөлүнүп берилди. Сынактын жыйынтыгында баш байгеге 20 миң сом, 1-орун үчүн 15 миң, 2-орунга 10 миң, 3-орунга 7 миң сом сыйлык коюлду.

Андан сырткары «Мыкты костюм», «Мыкты үн», «Мыкты аранжировка» номинациялары ыйгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×